Лондон: Эквадордун элчисин тыңшап жүрүшкөн

  03.07.13   14:19
 187

Лондондогу Эквадордун элчисинин кабинетинде тыңшагыч аппараттар табылган. Бул туурасында "Телеграфо" басылмасы билдирди.

"Тыңшагычты" мындан бир нече күн мурда табышкан. Аны иликтеш үчүн эч кимге маалымат берген эмеспиз, -деди аталган өлкөнүн тышкы иштер, соода жана интеграция министри Рикардо Патиньо Арока.

Дипломат тыңшагычтан алынган маалыматтар кимге жетип тургандыгын азырынча айткан жок, бирок, кимдер орноткондугу баары бир табылаарын билдирди.

Эквадор Лондондогу элчиликтин кабинетине тыңшагыч койгон өлкөдөн түшүндүрмө сурамакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226813

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.