Индия быйыл жаңы ракетасын сыноодон өткөрөт

  03.07.13   14:04
 158

Индия жылдын аягына чейин өздөрүнүн "Астра" өндүрүшү чыгарган "аба-аба" классындагы ракетаны сынаганы турат. Бул боюнча The Times of India басылмасына Коргонуу боюнча иштеп чыгуу жана изилдөөлөр уюмунун жетекчиси Авинаш Чандер билдирди.

Жогорку технологиядагы "Астра" алгач, көп кызматты аткара турган Су-30МКИ истребителине, андан соң согуштук учактарга орнотулмакчы. Буга чейин ракета орнотулган үч сыноо иштери жерде кынтыксыз жүргүзүлдү.

Бул ракета абадагы бутаны атып түшүрүүгө ылайыкталган. Astra - Mark-I болжол менен 44 чакырымга, Mark-II жүз чакырымдан ашыгыраак аралыкка жетет. Алыска жетүүчү мындай абаракеталары Россия, Франция, Япония жана Израиль өлкөлөрүндө чыгарылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226814

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.