Өзүн-өзүн башкаруу органдарынын маянасын жогорулатуу үчүн 375 млн сом керек

  03.07.13   14:26
 200

Августта жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарынын маянасын жогорулатуу үчүн 375 млн сом керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өткөн маалымат жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

"Маянаны жогорулатуу этап боюнча жүргүзүлөт. Биринчи этапта 375-380 млн сом талап кылынат жана ал 1-августтан, 1-октябрга чейин ишке ашат. Алгач сот департаменттеринин жана судьялардын айлыгы жогорулайт. Бул 275-280 млн сомду талап кылат", -дейт ал.

Анын айтымында орто эсеп менен маяна 60%га чейин көтөрүлөт. Маселен, мэриянын аппаратынын жана облустук, шаардык маанидеги кеңештердин айлыгы 30-40% жогоруласа, шаардык, райондук муниципалитеттердин чиновниктеринин айлыгы 70-80%га чейин жогорулайт.

"Борбордук министрликтердин аппараттары, анын ичинде каржы министрлигинин маянасы жогорулабайт. Алардыкы ансыз деле жетиштүү. Мындай иш мамлекеттик кызматкерлердин маянасын теңдөө максатында жүргүзүлүп жатат", -дейт Лаврова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226815

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.