Америкалык өзү учуучу аппарат 17 согушкерди жок кылды

  03.07.13   14:12
 185

АКШ коё берген өзү учуучу аппарат Пакистан аймагында 17 согушкерди атып жок кылды. Бул Мираншах шаарындагы негизги чоң базардын жанында болду. Бул боюнча маалымат жергиликтүү атайын кызматтардан келип түшкөн. АКШ атып өлтүрүлгөндөр "Хаккан тармагы" деп аталган топко кирген согушкерлер экендигин айтууда. Аталган топ Пакистандын ичиндеги "уруулардын жери" деп аталган аймакта диверсиялык иштерин жүргүзүп келет.

Наваз Шариф Пакистандын премьер-министри болгондон тарта , америкалыктар ушуну менен абадан экинчи соккусун жасады деп билдирди ИТАР-ТАСС.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226816

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.