"Би-Би-Си" орозо учурунда азанга эфир берет

  03.07.13   14:30
 191

Орозо айында Улуу Британиянын "Би-Би-Си" мамлекеттик телекөрсөтүүсү тарыхта биринчи ирет азан айтууну көрсөтүп турмай болду. Муну Channel 4 маалыматтар программасынын дирекция жетекчиси Ральф Ли билдирди.

Мындай чечимди "Би-Би-Си" жетекчилиги 22-майдагы Лондондогу падышалык аскердин өлтүрүлүшүнөн кийин конфессиялар ортосундагы мамилелердин курчуп кетишинен улам кабыл алган.

"Азыр Улуу Британияда исламды кармоочулардун көпчүлүгүн түзгөн токтоо маанайдагы, ашынып кетпеген мусулмандарга сөзүн, оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Биздин каналдарды сындагандар толтура болот, бирок, болгон нерселерди, окуяларды маалымат жетишпей турган аймакта чагылдыруу биздин милдет ",-деди Ли. 2011-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында Улуу Британияда таралышы боюнча ислам дини христиандардан кийинки эле экинчи орунда тургандыгы маалым болгон деп билдирет ИТАР-ТАСС .

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226817

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.