Бишкектеги Азия чемпионатына 13 өлкөнүн оор атлеттери келишти

  03.07.13   14:32
 264

Бишкекте өтүп жаткан жаштар жана ардагерлер арасындагы чемпионатка 13 өлкөнүн оор атлетика боюнча курама командалары келишти. Бул тууралуу "ВБ"га Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтканына караганда Түштүк Корея, Кытай, Япония, Тажикстан, Индия, Казакстан, Монголия, Тайланд. Сирия, Тайвань, Өзбекстан, Ирак жана Кувейттин командалары келишкен.

Мамагенттиктин басма сөз кызматынын болжолу боюнча жалпысынан 100дөн ашык спортчу мелдешке катышат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын ачылыш аземи бүгүн, 3-июлда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда болот. Иш чарага вице-премьер-министр Камила Талива, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. коноктор катышат.

Чемпионаттын ачылыш аземи Коомдук телерадио корпорациясынын түз эфиринен берилет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226818

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.