Плутондун жаңы жандоочуларына ат коюлду

  03.07.13   14:33
 186

Плутондун жаңы табылган жандоочуларына "Цербер" жана "Стикс" деген аттар коюлду деп билдирди Би-Би-Си.

Ат коюу боюнча жооп берген Астрономиялык Эл аралык Кеңеш (МАС), аталыштар мифтерден алынат деп айтты.

Асман мейкиндигинде табылган телолорго грек-рим мифологиясынан алынган аттар берилет. Цербер - үч баштуу ит болсо, Стикс - өлүүлөр менен тирүүлөрдөн падышачылыгын бөлүп турган дарыя. Спутниктерге коюлган аттарды сунуштаганда, интернетте добуш берүүдө колдонуучулар арасында булар эң көп упай топтошкон.

Белгилей кетүүчү нерсе, баарынан көп упай топтогон "Вулкан" деген ат МАС тарабынан жактырылган жок. Окумуштуулар бул аттын Плутонго эч кандай тиешеси жок жана мындай аталыш астрономияда колдонулуп келет деген жооп айтышкан.

Жандоочуларды Марк Шоуалтер башында турган SETI институтунун окумуштуулары "Хаббл" телескобунун жардамы менен таап алышкан. Алгач, алар 2006-жылы планета деген статусун жоготкон, эң кичине болгон Плутондон аны каптап турган шакекчени издеп жатып, таап алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226819

 Комментарийлер:
#1 U_moskov@mail.ru
2013-07-14 04:32:35 Цитата / 0 / -

Илим да бул jaндын 1 азыгы

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.