Кызыл-Кыянын мэриясы жолдорду, көпүрөнү жана жылуулук түйүндөрүн оңдоду

  03.07.13   14:18
 268

Кызыл-Кыянын мэриясы өзүнүн эсебинен жолдорду, көпүрөнү жана жылуулук түйүндөрүн оңдоодон өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, жолдордун аң-чөнөктөрүн оңдоого 4 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары узундугу 270 метр көйгөй жараткан участокто жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталды. Бул максатта 895 миң сом бөлүндү.

Ошондой эле жеке каражаттардын эсебинен Кызыл-Кыядагы негизги көпүрө 1 млн сомго оңдолгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226821

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.