Мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатуу үчүн 2 млрд сом каралган

  03.07.13   14:54
 223

Мамлекетти кызматкерлердин маянасын жогорулатуу үчүн 2 млрд сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда маалымат жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинский билдирди.

Анын айтымында, бул маселени кадр кызматы демилгелеген. Борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн маянасын теңдөө маанилүү.

"Кызматкерлердин эмгек тажырыйбасына карата баа берилет", - дейт ал.

Ошондой эле ал, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы тууралуу коомчулук, бейөкмөт уюмдар жана журналисттер ачык маалымат алып турууга мүмкүнчүлүк түзүлө тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, финансы министри Ольга Лаврова маянаны жогорулатуу этап боюнча жүргүзүлүп, биринчи этап 1-августтан, 1-октябрга чейин ишке аша тургандыгын айткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226822

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.