Он күн аралыгында ата-журчулардын соту боюнча мөөнөттү белгилешет

  03.07.13   15:32
 239

Он күн аралыгында Бишкек шаардык соту тарабынан акталган "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун иши боюнча соттун мөөнөтүн белгилешет. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 3-июлда Кыргызстандын Жогорку Сотунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына таянсак, кечээ, 2-июлда КР Жогорку Сотунун канцеляриясына Биринчи Май райондук сотунан материалдар келип түшкөн. Бүгүн иштин баардык материалдары каттоодон өттү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык соту "Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын коюлуп жаткан бардык беренелер боюнча актаган өкүм чыгарган.

Ал эми ага чейин 29-мартта биринчи инстанция (Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту) Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 295-берене ("Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу") боюнча айыптап, 1 жыл 6 ай камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми Талант Мамытов да ушул эле берене боюнча айыпталып, 1 жыл камакка алынсын деген өкүм чыгарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226823

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.