Египет: тополоңдо 1 журналист каза болуп, 7си жаракат алган

  03.07.13   15:36
 147

Египеттеги тополоңдо жергиликтүү бир журналист каза болуп, ар кайсы мамлекеттерден келген жети журналист ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул маалыматтарды Журналисттерди коргоо комитети билдирди деп жазды Вести.ру.

Жабырлангандардын ичинде 22 жаштагы Даниялык репортер бар. Ал башаламандык учурунда манифестанттар тарабынан сабалып, зордукталган.

Демонстранттарга карата болгон Египеттеги сексуалдык мүнөздөгү зордуктоолор акыркы учурларда арбып, Бириккен Улуттар Уюмунун көңүлүн өзүнө бурду деп билдирет "Интерфакс".

Жалпысынан алганда, Египеттеги тополоңдо 23 адам каза болуп, 400гө жакыны ар кыл жаракаттарды алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226824

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.