Wi-Fi менен дубалдын ары жагын да көрүүгө болорун айтышты

  03.07.13   15:39
 264

Wi-Fi интернет байланышты гана жакшыртпастан, адамдардын басып жүргөн кыймылын билүүдө да жакшы каражат экен деп жазды Вести.ру.

Бул байланыштын жардамы менен эгер адам дубалдын ары жагында болсо, анын кай тарапка баскандыгын билүүгө болот экен. Мындай ыкманы Массачусет технология университетинен Дина Катаби иштеп чыгып, ага Wi-Vi деген ат берди. Система бир учурда эле үч адамдын кайда басып жүргөндүгүн көрсөтүп турат. Ал үчүн антенна жана кабыл алгыч зарыл. Компьютердеги атайын программа кыймылды ээрчип, адамдын кайда жүргөндүгүн аныктап берет.

Аны иштеп чыккандардын маалыматында технология оңой жана жөнөкөй. Wi-Vi технологиясын куткаруулар урандылардын алдында калгандарды издегенде, полиция кызматкерлери кылмышкердин изине түшүп, кармоо алдында пайдаланса болорун айтышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226825

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.