Экс-министр "Дордой" базарынын сатуучуларына банк ачууну сунуштады

  03.07.13   15:42
 282

Кыргызстан Бажы биримдигине кирээрдин алдында "Дордой" базарынын сатуучулары өздөрүнүн чакан насыя компаниясын же банкын ачуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.

"Кечээ биз "Дордой" базарынын профсоюзунун мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда өздөрүнүн банкын ачууну сунуштадык. Бул Кыргызстандын негизги каржы булагы болуп калмак. Мындай компанияларды түзүү акча каражаттарын арзан алууга мүмкүнчүлүк түзмөк. Анткени бажы союзуна киргенден кийин салыктар жана баа жогорулайт", - деди ал.

Жапаров банк ачуу үчүн базардын сатуучуларынын күчү жете тургандыгын баса белгиледи.

""Дордойдо" болжол менен 17 миң контейнер бар. Банк ачуу үчүн миң адам 5 миң доллардан салса болот", - деди экс-министр.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226826

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.