Боксчу Өмүрбек Малабеков мырзалар арасындагы Азия чемпионатынын 1/8не чыкты

  03.07.13   15:44
 202

Кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков мырзалар арасындагы Азия чемпионатынын финалынын 1/8не чыкты. Мелдеш 2-июлда Амман (Иордания) шаарында старт алган.

Мелдештин расмий сайты билдиргенине караганда финалдын 1/16да Малабеков Ирактын спортчусу Хасан Аммар менен беттешкен. Калыстар тобу бир ооздон кыргызстандыкты мыкты деп чечишип, ал 3:0 эсеби менен жеңип чыкты.

Эми чейрек финалга чыгуу үчүн эртең монголдук Даваадалай Алтангерел менен матч өткөрөт.

Эске салсак, мырзалар Арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан сегиз мушкер катышат. Алардын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов. Бүгүн старттык рингге Турат Осмонов да чыгып, Темертас Жусупов менен беттешет.

Ошондой эле, Эрмек Сакенов Ирандын мушкери менен мушташса, Эркин Болотбек уулу афганистандык боксчуга каршы чыгат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226827

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.