Президент Жалал-Абад облусунда Беш-Батман каналынын курулушу менен таанышты

  03.07.13   15:51
 255

Бүгүн, 3-июлда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында курулуп жаткан Беш-Батман каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Беш-Батман каналынын курулушу боюнча долбоор Кыргызстанды 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу алкактарында ишке ашырылып жаткандыгын айтты.

Президент ошондой эле Стратегияга ылайык жыл сайын 10 миң га айыл чарба сугат жерлери пайдаланууга берилип турушу керектигин баса белгиледи.

Айыл чарбасы жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев азыркы учурда каналдын 1200 метри курулуп бүткөндүгүн жана каналды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.

Канал курулуп жаткан жерде мамлекет башчысы Аксы районунун тургундары менен жолукту жана аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226829

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.