Цыгандардын табору британдык айылдын айласын кетирип...

  03.07.13   16:12
 172

Британиядагы Глостершир графтыгындагы башталгыч мектептин жанына кароол коюуга мажбур болду деп билдирди Вести.ру.

Пилнинг деп аталган аймакка күтүүсүздөн келип, отурукташкан цыгандардын 15 арабадан турган табору британдыктардын айласын алты кетирди. Алардан корккон ата-энелердин бир катары балдарын мектепке коштоп келип-кетсе, бир катарлары таптакыр эле жибербей коюуну чечишкен. Ата-энелер бир жагынан балдарын цыгандар уурдап кетет де корксо, бир жагынан агрессиясынан чочулашкан.

Жергиликтүү элдин айтымында, табордогу кичинекей балдар да тартипсиз. "Болжол менен 7-12 жаш арасындагы балдар өтө бейбаш, өткөн кеткендерге тийишип, машинелерге таш ыргытып, сөгүнүшөт. Аны көргөн улуулары тыйганга жарап коюшпайт",-деп полицияга даттанышкан жергиликтүү жашоочулар.

Ошол жердеги пиво саткан жайдын ээси Дэйв МакЛеод да табордогулардан жапа чеккенге "жетишиптир". Алтынчы күнү "коноктор" анын клубуна жабыла келип, тартипсиздик кыларда, жергиликтүү жашоочулар Дэйвди колдоп, бетме-бет чыкандыгын айтып берди.

Элдин айласы кетирген бул көчмөндөрдөн кутулуунун жолуп британдыктар баары бир табышыптыр. Полиция сержанты Адриан Фоллоустун айтымында, жергиликтүү башкармалык ошол жердин ээсин издеп таап чыгып, аны менен байланышып, иштин жайын түшүндүргөн. Акыры, алардын биргелешкен аракетинен кийин гана полиция жардамы менен таборду ал аймактан чыгарып жиберүүгө мүмкүн болуптур.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226832

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.