Жети жашар кыз курбусун сууга чөктүрүп, өч алган

  03.07.13   16:24
 246

Бурятиянын Надеино айылында төбө чачты тик тургузган окуяны полиция кызматкерлери иликтеп таап чыгышты. Биринчи класста окуган кыз 5 жашар курбусу сөйкөсүн тагынганга бербей койгондугун үчүн өлтүрүп өч алган. Каза болгон кызды энеси Куйтунка суусунан таап чыккан деп билдирди Вести.ру.

"Тарбагатай районундагы Надеино айылынан 500 метр аралыкта сууга чөккөн белгилери менен 2008-жылы төрөлгөн кыздын сөөгү табылгандыгын" Бурятиянын ИИМи билдирген.

Полиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр иликтеп отуруп, окуянын изин таап чыгышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө болгону жети жаштагы кыз суу бойлоп ойноп жүрүп, курбусу сөйкөсүн тагынып көрүүгө бербей койгондугу үчүн сабап, сууга сүйрөп барып, тумчуктуруп өлтүргөндүгү маалым болгон. Кыз курбусу сууга чакагыча башын чыгарбай, бекем басып, кармап тургандыгын айтып берген.

Азыр бул иш боюнча, бала кичине болсо да кылмыш иши козголуп, алар менен кошо психологдор иштеп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226834

 Комментарийлер:
#1 U_moskov@mail.ru
2013-07-14 04:21:43 Цитата / 0 / -

Ммм ушудай да болобу

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.