"Ак-Жар" жаңы конушунан эки адам автоунаа уурдап качышкан

  03.07.13   16:34
 229

"Ак-Жар" жаңы конушунан "Жигули" автоунаасын айдап качкан эки адам кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун "Ак-Жар" жаңы конушунун 1977-жылы туулган тургунун эки адам коркутуп, күч колдонуу менен анын автоунаасын айдап кетишкен.

Окуяга шектүү деп милиция 1991-жылы жана 1981-жылы туулган Бишкектин тургундарын колго түшүргөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226836

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.