Россиянын курал экспорту улам өсүүдө

  03.07.13   16:35
 179

Акыркы 5 ай ичинде Россиянын курал боюнча экспорту 6,9 млрд. долларды түздү. Бул "Рособоронэкспорт" компаниясы аркылуу жүргүзүлгөн. Мындай маалыматты "Рособоронэкспорттун" башкы директорунун орун басары Игорь Севастьянов билдирди. Эске сала кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарында VI Эл аралык аскерий-деңиз салону ачылды деп билдирди ИТАР-ТАСС.

"1-июнга карата буйуртмалар 34 млрд доллар болду, бул портфель 67 өлкө менен түзүлгөн макулдашуулардан турат",-деди Севастьянов.

Севастьянов 2012-жылы аталган компания аркылуу экспорт 12,9 млрд долларды түзүп, ал мурдагы (2011) жылга салыштырмалуу 20 пайызга өскөндүгүн кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226837

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.