Жол кайгуул кызматынын түзүлгөнүнө 77 жыл толду

  03.07.13   13:52
 310

Бүгүн, 3-июлда ИИМдин жол кайгуул кызматы өзүнүн 77 жылдык мааракесин белгиледи.

Өз ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медаль, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кызматкерлерди куттуктоо үчүн жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Мелис Турганбаев келди.

Маалымат үчүн

Мамлекеттик автомобиль инспекциясы СССРде 1936-жылы 3-июлда түзүлгөн. Анын негизги максаты - жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышына, айдоочуларга күбөлүк берүү, унаалардын техникалык абалын дыкат текшерүү жана унааларды каттоо болгон. Ал эми учурда Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын тартип бузуусуна жол бербөө сыяктуу бир нече иш аткарат. 2008-жылдын июнь айында Мамлекеттик автомобиль инспекциясы - Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226838

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.