Жерар Депардьени Грузиянын мыйзамдарын бузду дешти

  03.07.13   16:58
 167

Россия жараны Жерар Депардье "Грузиянын мыйзамдарын бузду". Бул туурасында өлкөлөр менен реинтеграция маселелери боюнча мамлекеттик министрдин орун басары Кетеван Цихелашвили журналисттерге билдирди. Анын "Абхазия аймагына Россия тараптан кирип (Сочи тараптан - корр.) Депардье Грузиянын мыйзамдарын бузду ",-деп айткандыгын ИТАР-ТАСС жазды.

"Жерар Депардье учурда Россиянын жараны, аны Сухумиге Россия алып барган. Мен ал кишинин Абхазиядагы чыр-чатактар жана ал жактагы болуп жаткан окуяларды түшүнөөрүнө шегим бар",-деп кошумчалаган мамлекеттик министрдин орун басары.

Атактуу актер 1-июлда Сухумиге барып, Абхазия жетекчиси Александр Анкваб менен жолуккан. Ал январда Сочиге келип, Абхазия ага жакын жайгашкандыгын билгенден кийин, сөзсүз бул өлкөгө келип, көрөрүн айткан. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, президент Абхазияда Депардьени жакшы билишээрин, ага ишенбесе, шаарга сейилдеп чыгып келүүсүн да сунуштаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226839

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.