4-7-июль күндөрү Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында жарык өчөт

  03.07.13   17:28
 222

4-июлда Бишкектеги Дачная көчөсүндө, Кара-Жыгач конушунун (Горький, Виноградная көчөлөрүндө), Бах, Миңкуш, Кара-Коо көчөлөрүнүн барчаларында, Киргизия-1 конушундагы Кожомкулов, Абдырахматов көчөлөрүндө, Краснодонцев, Кудрука, Араванская, Күрөңкеев, Жаш Гвардия, Түлөбердиев, Көкчетавская көчөлөрүндө, Караванская кичи көчөсүндө, Турусбеков көчөсүндөгү № 48, 49-көп кабаттуу үйдө саат 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Ошондой эле 4-июлда Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылынын бир бөлүгүндө, Алексеевка айылындагы жол бойлото тартылган 10 кВ аба электр берүү чубалгысынын жанындагы өсүп кеткен бак бутактарды тазалоо, зымдарды тарттыруу иштерине байланыштуу электр энергиянын өчүрүлүшү мүмкүн.

4-7-июлда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кайырма айылында, Лебединовка айылынын бир бөлүгүндөгү (Ленин көчөсүндө) саат 9-00дөн 17-00гө чейин ГЭС-6 тараган 6 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зым тиректерин алмаштырып, зымдарын тарттырып, техникалык тейлөөлөргө байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226843

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.