Бишкектин айрым райондоруна газ берүү 3 жумага токтотулду

  03.07.13   17:30
 228

Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы айылдарды газ менен камсыз кылуу 3 жумага токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда "Бишкекгаз" ишканасы билдирди.

Көгүлтүр от төмөндөгү айылдарда токтотулду:

- Маевка;

- Пригородное;

- Төмөнкү Ала-Арча;

- Ново-Павловка,

Ошондой эле "Кызыл-Аскер" аймагында.

Андан тышкары Лев Толстой, Некрасов, Элебесов, Жибек Жолу проспектинен Байтик Баатыр көчөсүнүн батыш тарабына чейин, Жаш Гвардия, Фучик, Кудрука, Малышев көчөлөрүнүн абонеттерин газ менен камсыз кылуу убактылуу токтотулду.

Газды өчүрүү ремонт иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226844

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.