Cаясаттагы сакура

АКШнын жапондордун сакурасына кандайча тиешеси бар эле деп ойлоп, анан таржымалын окуп көрүп тан бердим.
  04.07.13   08:16

Вашингтондо музейлердин ар биринде дүкөнчөсү бар, көргөн кызыктар боюнча китептер, оюнчуктар, футболкалар турат. Бирок сакурага байланыштуу өзүнчө бөлүмдөрдү көрүп алгач таң калдым, АКШнын жапондордун сакурасына кандайча тиешеси бар эле, анан таржымалын окуп көрүп тан бердим.

Быйыл жазда президент Атамбаев да 140 түп сакура отургузганы баарына жакшы маалым. Бул гүлүнө гана суктанчу дарактын таржымалы бизде драмага айланып кеткен. Алгач аны отургуза турган жери менчикке сатылып кеткен болот, башка жер таап, акыры отургузуп тынчыганда жамгырлуу түндөкү ууру бир нечесин сууруп кетет. Ал романтик колго түшүп, жапон элинин белеги кайтарылган болсо да, сакура дегенде негедир азыркыга чейин кандайдыр бир бушайман болуп кетебиз, чынбы? Күн чыгыш өлкөсүнөн келсе да эми бир дарактар экен, болду, кетти деп ойлоп жүрсөңүз керек. Бирок ал дарактар ишкерлерге киреше, эки эл ортосунда достук жана кызматташтык, саясатта упай болуп бергендей күчкө ээ.

Көрсө 1912-жылы жапон эли бизге бергендей АКШ элине 3000 түп сакура белек кылып, борбор калаа Вашингтондо отургузулуптур. Өткөн жылы ал ишчаранын туура 100 жылдыгы кеңири белгиленип, алигиче коноктон кийинки шорпону ысытып жеген сыяктуу, ошондон калган майрамдык футболка, магнит, сумка, билерик, китеп, открытка, айтор толгон нерселер сатыкта турат. Ал салтанат кеңири белгиленип, америкалыктар азыркыга чейин үзүрүн көрүүдө.

Жапон элинен кыргыз эли да көп эле жардам көрүп келет. Тез жардам унаалары, троллейбустар, элет жергесинде чакан ишкерлерди колдоо демилгелери менен маданий жана билим берүү жаатында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Акыры биз да 140 түп сакура белек алып отургуздук. Жүз жылдан кийин, 2113-жылы ал дарактар гүлдөп, биздин урпактар да эки элдин достугун майрамдашат бекен? Аны кадырман окурман сиз экөөбүз көрө албасак, ага шарт түзүп кетүү колдон келет. Же сиз да ага чейин ким бар, ким жок деген скептиктердин катарындасызбы?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226845

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.