Өз убагында сугарылбагандыктан шаардагы бактардын жалбырактары түшө баштады

  04.07.13   08:41
 221

"Ысыктан улам бак-дарактын жалбырактары саргайып кетти. Көпчүлүк жаңы конуштарда ирригациялык система жок". Мындай пикирин Октябрь райондук администрациясынын коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси Татьяна Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, Тунгуч кичи районундагы ирригациялык системаны курулушчулар бузуп салган. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу учурунда сугаруу системасы эске алынган эмес.

Тургундар өз күчтөрү менен болсо да бактарды сугарганга аракет кылышууда. Алар күрөктөрүн көтөрүп алып кечкисин каналдан кичинекей арык болсо да казып атышат.

"Мындай иштин жыйынтыгы болбойт. Маселени муниципалдык деңгээлде чечиш керек. Биринчи кезекте курулушчуларга өздөрү бузган ирригациялык системаны оңдотуш керек",- дейт Асылбекова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226847

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.