Автобус күтүүнүн төркүнү кайда?

Бишкектеги эл ташыган автобустарга 1140 дөңгөлөк жетишпейт. Эмне үчүн? Мунун чоо-жайын эки тараптан тең сурадык.
  04.07.13   09:48
 434

Бишкек транспорт башкармалыгынын мурдагы башчысы Зайытбек Назырынбеков: "Автобустардын талкаланышына Бишкек вице-мэри Төрөбек Имашовдун салымы чоң"

Буга чейин Бишкек транспорт башкармалыгындагы ызы-чуулар боюнча бир канча материал жарыяланган. Буга карабай транспорт башкармалыгында дагы деле башаламандык болуп жатканын Бишкек транспорт башкармалыгынын мурдагы башчысы Зайытбек Назырынбеков айтып берди. Ал туура эмес маалымат берген болсо жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтып, колундагы материалдар менен бөлүштү. Анын айтымында Бишкектеги автобустардын линияга аз чыгып жатышынын төркүнү аталган башкармалыктагы коррупциялык схемаларга барып такалат экен.

- Сиз Транспорт башкармалыгындагы былык иштер боюнча тиешелүү органдарга кайрылдым дедиңиз эле жыйынтык кандай болду?

- Ооба, мен УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылгам. Менин арызымдын негизинде Бишкек транспорт башкармалыгына карата 5 кылмыш иши козголду. Менин жазгандарымдын баары тастыкталды. Эсеп палатасынын аудиторлору текшерип отуруп 2 жылда аталган башкармалыктан 26 млн сом кымырылганы аныкталды. Транспорт башкармалыгынын бир жылдык кирешеси 25 млн ошондо бир жылдын кирешеси кайда кеткени белгисиз. Мунун баары мэриянын бюджетине түшүш керек болчу. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынын директору Бондаренко кызматынан алынып, учурда анын үстүнөн сот иши жүрүп жатат.

- Буга чейин берген маегиңизде автобустарга алынчу дөңгөлөктөр боюнча коррупциялык схема бар экенин айттыңыз эле. Бул боюнча тиешелүү адамдар жоопко тартылдыбы?

- Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн окуяны кыскача айта кетейин. 2012-жылдын август-сентябрь айларында Бишкек мэриясы автобустарга 200 дөңгөлөк сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Тендердин башында Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашов турган. Мен ал учурда Транспорт башкармалыгынын башчысы болчумун. Бирок тендерди мага билгизбей эле Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынын директору Анатолий Бондаренко менен биргеликте өткөргөн. Тендер атайылап дөңгөлөк жеткирчү "Астон Вилла" деген жеке компаниянын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Мэрияда акча жок болсо да Бондаренко дөңгөлөк жеткирүүчүгө 18 млн сомдун жарымын төлөгөндө гана дөңгөлөктү алып келет деген келишимге кол койгон. Бул атайылап чыгарылган система болчу. Ноябрда 200 дөңгөлөк алып келип, анын 100ү жарабай калган. 10 айдан бери ошол дөңгөлөктөн да, акчадан да кабар жок. Эмне үчүн шалаакы иш кылгандар жоопкерчиликке тартылбайт? Негизи мэрияда 460 автобус бар. А линияга болсо орточо 138 автобус гана чыгат. План боюнча 287 автобус чыгышы керек эле. 322 автобусту паркта чирип жатат, анткени дөңгөлөк жок. Эгер 100 машине линияга чыга турган болсо күнүнө ар бир автобустан 2 500 сомдон 25 000 сом мэриянын бюджетине түшмөк. Бир айда 7 500 000 сом киреше кириш керек эле. Бул бир айда 937 500 жүргүнчү ташылбай калды дегенди билдирет. Мэриянын бюджетинде ансыз деле акча жетпей жатса, ушул чыгымдар керек беле? Бондаренконун үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Ал эми Имашовдун жоопкерчилиги дагы деле карала элек. Автобустардын алды 2008-жылы келсе, калганы 2010-жылы келген. Анан эле 3-5 жыл болгон автобустарды жок кылып койгонго болбойт да. Автобустардын талкаланышы техникалык көзөмөлдөн туура эмес өткөндүгүндө. Буга мэриянын тиешеси жок, бул түздөн-түз Бондаренконун күнөөсү. Эгер билсеңиздер, 200 млн сом соцфонддон карызга алынып, 200 автобус карызга келген. Эми карагыла 200 млн сом да жок, автобус да жок. Бул эмне деген кайдыгерлик? Мамлекеттики деп эле талкалай бериш керекпи?

- А эмне үчүн сиз мекеменин башында турганда ушул маселелерди көтөрүп чыккан эмессиз?

- Мен жаңыдан коррупциялык схемалардын бетин ачып баштаганда кызматтан алышты. Маршруттук таксилердин кожоюндары шаардык кеңеш аркылуу транспорт боюнча мыйзамда жок алмашуу режими (режим сменности) дегенди киргизип алып, ошонун негизинде акча жасап жатышат. Болбосо машинелер үчүн акча төлөө мыйзам боюнча паркты пайдалануу коэфициенти (ППК) менен эсептелет. Жөнөкөй сөз менен айтканда жеке фирмалар линияга 40 машине чыгара турган болсо мэрияга 20-25 машине үчүн эле акча төлөшөт. Калганы жеке чөнтөктөргө кетет.

- Сиз айтып жаткан маселелерди чечиш үчүн, автобустарды оңдош үчүн эмне кылуу керек?

- Биринчиден, базаны чыңдаш керек. Байтик баатыр көчөсү 4А да жайгашкан автобазаны кайра алыш керек. Бул жер Бакиевдин убагында жеке колдорго сатылып кеткен. Экинчиси Кустанайский 121де жайгашкан дагы бир чоң базабыз бар. Ал дагы таптакыр талкаланган. Бул базанын жабдыктарын ордуна коймоюн Бишкектеги коомдук транспорт маселеси чечилбейт. Автобусту күн сайын жууп-тазалап, оңдоп туруш керек. Эгер биз элди маданияттуу тейлейбиз десек ушул нерселерди токтоосуз жасашыбыз керек.

Бишкек вице-мэри Төрөбек Имашов: "Назырынбековдун айткандарынын бирөө да суу кечпейт"

Бишкек вице-мэри Имашов Назырынбековдун айткандарын жокко чыгарды. Ал автобустарга дөңгөлөк сатып алууда эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, бул боюнча Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынын башчысы А.Бондаренко шалаакылык кылгандыктан кызматтан алынганын кошумчалады.

- Назырынбеков Транспорт башкармалыгы эки жылда 26 млн сом кымырганын, муну Эсептөө палатасы тастыктаганын айтты. Ушул тармакты көзөмөлдөгөн адам катары кандай түшүндүрмө бересиз?

- Эсептөө палатасынын 26 млн сом жөнүндө жазганы боюнча маалымат мындай. Бул сумманын 16,5 млн сому жеке ишканалардын айдоочуларынын патент албай калган себебинен келип чыккан каражат, себеби айдоочулар иштеген эмес. Ал эми 9,5 млн сом Назырынбековдун эсеби боюнча эсептелинип жазылган сумма. Бул алмашуу режими (режим сменности) менен эсептелип алынган акчаларды паркты пайдалануу коэфициенти (ППК) менен эсептегенде чыккан айырма. Негизи Назырынбеков чын эле ППК менен төлөтөм десе, мыйзамдык базасы болуш керек болчу. Шаардык кеңештин токтому же башка таяна турган мыйзам болгондо жүргүнчүлөрдү ташыган жеке фирмалар деле макул болуп эсептелип чыккан төлөмдү төлөй беришмек. Ошол себептен Назырынбековдун эсептеп чыккан 9,5 млн сомун мыйзамсыз деп жеке фирма ээлери сотко берип, 2012-жылдын 18-октябрында райондор аралык соттун чечиминин негизинде жокко чыгарылган. Алмашуу режими транспорт башкармалыгынын ички жобосу аркылуу 2011-жылдын 25-июлунда бекитилген. Азыркы күндө жеке ишканалар менен башкармалыктын ортосундагы келишим күчүндө. Ошонун негизинде бүгүнкү күндөгү транспорттук төлөмдөр мыйзам чегинде шаардык казынага төлөнүп жатат. Мына ошол айтылып жаткан ППКны жалпы жобого киргизүү боюнча Бишкек шаардык кеңешине долбоор сунушталган.

- "Астон-Вилла" алып келчү дөңгөлөктөр эмне болду? Келишим эмне болуп жокко чыкты эле?

- Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасынын (БЖАМИ) 2012-жылдын июнь айларындагы дөңгөлөк сатып алуу боюнча жазган суранычынын негизинде Атаандаштык саясат боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 01-7/79 буйругу менен тендердик комиссия түзүлгөн. Бул маалымат 2012-жылдын 23-июлунда КРнын мамлекеттик сатып алуу бюллетенине жана 2012-жылдын 25-июлундагы "Слово Кыргызстана" газетасына жарыяланган. Бул жарыянын негизинде тендер өткөрүлүп, комиссиянын чечиминин негизинде "Астон-Вилла" ЖЧКсы тандалган. БЖАМИнин ошол кездеги жетекчиси А.Бондаренко "Астон-Вилла" ЖЧКсы менен 2012-жылдын 17-августунда №19-келишимди түзгөн. Бул келишимдин негизинде жалпы сумманын (18 млн 855 400 сом) 50 пайызы төлөнгөндөн кийин гана дөңгөлөктөр алып келине баштамак.

"Астон-Вилла" ЖЧКсына Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр ташуу ишканасы жалпы сумманын 7 млн 400 миң сомун которгон, бирок ушул күнгө чейин дөңгөлөктөр толугу менен алынып келинген жок. Алынып келинген 200 дөңгөлөктүн 100 даанасы сапатына байланыштуу жарактан чыккан. Бүгүнкү күндө БЖАМИ 1140 дөңгөлөккө муктаж. Ушулардын негизинде азыркы күндө "Астон-Вилла" менен болгон келишим 2013-жылдын 20-апрелинде райондор аралык соттун чечиминин негизинде жокко чыгарылган,1 658 722 жана 1 042 000 сом өлчөмүндөгү чыгымдар кайтарылып берилсин деп чечим чыгарылган. Бул иш боюнча шалаакылык кылып, башка милдеттерин да так аткарбагандыгы үчүн Бондаренкону иштен алдык.

- Дөңгөлөктүн жоктугунан чыкпай жаткан 100 автобустан түшө турчу кирешелер тууралуу эмне дейсиз?

- Назырынбеков белгилеген 7 млн 500 миң сомдук кирешеде 100 машинаны иштетүүгө кеткен чыгымдары эске алынган эмес. Ошол эле айтылган автобустардын ар бирине күнүнө 70 литрден күйүүчү май талап кылынат. Азыркы баа менен алганда 1 литр күйүүчү май 39 сом 50 тыйын турат. Чыгымдын күйүүчү майга эле болгон эсеби бир айдын ичинде100 автобуска 8 млн 295 миң сомду түзөт мындан тышкары айдоочулардын айлык маянасы, автобустун тетиктерине жана башка чыгымдарды айтпаганда эле түшүнүктүү. Анткени аталган ишкана өзүн-өзү актабайт, субсидия менен дотацияга муктаж.

- Сиз жанатан бери Назырынбековдун жүйөлөрүн четке кагып жатасыз. Ал деле бизге документтерге таянып маек берди. Бул жерде анын айыбы эмнеде?

- З. Назырынбеков бирөөгө сын-пикир айтардын алдында өзүнө жана иштеген ишине баа берип, кызматтык милдеттенмелерин убагында так аткарса болмок. Өзү иштеген коллективинин жана көзөмөл кылган Бишкек троллейбус башкармалыгы (БТБ), БЖАМИ жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкерлеринин ичиндеги кырдаалды карап чыгып убагында баа берсе, бир эле шаар ичиндеги транспорт тармагы эмес, бөлөк ишканалардын иши да оңолор эле. Эмне үчүн Назырынбеков кызматта турганда өзү айтып жаткан маселелерди чечкен эмес? Кызматтан кеткенден кийин эле сүйлөсө сөз боло береби?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/226851

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.