Үмүтүңдү үз

Үмүтсүз жашоо болбойт. Бирок жалаң үмүттөн куралган жашоо кунарсыз.
  03.03.14   09:48

Биринчи март жылнаамада жаздын расмий башталышы. Монтерейде болсо ар дайым жаз менен жайдын ортосундагы мезгил турат. Бирок бул күндөрү жаратылыш өзгөчө таттуу. Аялдамага жеткиче үйлөрдүн алдындагы магнолиялар, жасмин жана арчанын буркураган жыпары аңкып маанайды көтөрөт. Кандай окуя баштан өтүп жатпасын, жаздын сыйкырдуу деми алдыда сонун кездер күтүп турганын үмүттөндүрөт.

Үмүт деген эмне? Кыял эмес, каалоо да, ишеним да эмес. Ал булутка окшош так сезилген, бирок тез жайылып кетчү сезим. Жалгыз өзү алсыз. Маанисиз. Аны сөзсүз жигер менен аракет коштоп жүрүшү керек. Биз жазга көп үмүт арттырабыз. Өлбөгөн жанга жаз да келер; жазында жаңы иш баштайбыз; жазында тоого чыгабыз деп көнгөнбүз. Бул адат табият шарттарынан улам келип чыкканын түшүнөм. Бирок аны өзгөртсөк, үмүттөнүп күтпөй, аракет кыла баштасак турмушта көбүрөөк жетишип, жакшыраак жашайт белек? Көбүрөөк жетишет белек? Жаздын биринчи күнү жеке мен үчүн капалуу да, бактылуу да күндөрдүн бири. Өспүрүм атамдан айрылган, алты жыл мурда жеңем дагы бир инилүү кылган күн. Турмуштун бул сабагынан үмүт акталбай да калышы мүмкүн экенин, анан да жашоо тынымсыз улана берерин билдим. Башка мезгилдерден өтө айырмаланбаган калифорниялык жазды көрүп, өмүрдө да кыш ар дайым боло бербесин, күн жылыганын күтпөй аракет кылып, талпына бериш керегин үйрөндүм.

Чакырыгым – көп эле үмүттөнүп, күтүп отура бербейли. Кеч болуп калышы да мүмкүн. Аткарылчу иштерди бүгүн, азыр жасап баштайлы. Балким болуп калар, балким жардам берер, балким мен каалагандай өзү эле жайына туруп калар деген үмүттөрдү үзүш керек. Баарын колго алып, болтуралы; жардам күтпөй, жоопкерчилик алып аракеттенели, жай жайына өз колубуз менен коелу. Үмүттөнүп отура бербейли. Жаз келет, келбей койбойт. Бирок көп нерселер үчүн, же өзүбүз үчүн кеч болуп калышы мүмкүн. Бирөөнү жакшы көрсөңүз азыр айтыңыз, билгиңиз келгенди азыр сураңыз, турмушуңуз жакпаса азыр өзгөртүңүз. Кар кетип, көк чыгышы бизге түбөлүк өзгөрбөз шарттай сезилет. Аны күтпөй, ар дайым жазгыдай жашоо да мүмкүн. Ал биздин колубузда. Ал биздин жан дүйнөбүздө жана жүрөгүбүздө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240339

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.