Ошто Кунакунов кармалып кайра бошотулду

  03.03.14   09:03
 234

1-мартта кечки саат 21:20да Оштогу кафелердин биринде Бишкектен барган "Жаштар өкмөтүнүн" лидери Максат Кунакуновду, журналист Дайырбек Орунбековду жана "Улуттар биримдиги" партиясынын шаардык депутаты Шайлообек Атазовду Ош облус милициясынын 50дөн ашык кызматкерлери келип кармап кетишкен. Бул тууралуу "ВБ"га Максат Кунакунов билдирди.

Анын айтымында, Оштогу кафелердин биринде тамактанып жаткан учурларында ѳздѳрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, бирок тиешелүү документтерин кѳрсѳтүшпѳй жана себебин түшүндүрбѳй эле машинеге салып кетишкен. "Сыртка чыксак, 50дѳн ашык атайын кызматтын кызматкерлери террорчуларды кармагансып бизди машинеге салып кеткенине таӊ калдык. Бир нече саат кармаган соӊ гана башка тартип бузуучулар менен алмаштырып алышкандыктарын айтып, кечирим сурап кое беришти. Бирок, мага жеткен маалыматтар боюнча алар атайылап биздин кыймылдын мүчѳлѳрүн кылтакка илип, уюштурулган чыр-чатакка себепкер кылып аларды камоого аракет жасап жатышыптыр. Ал эми 2-марттын түнүндѳ биздин кыймылдын үч мүчѳсүн УКМКнын кызматкерлери кармашкан. Алардын айтымдарында биз кимдир бирѳѳдѳн ѳлкѳдѳ баш аламандык уюштуруу максатында 10 миллион сом алыптырбыз. Албетте бул суу кечпеген жалган жалаа. Муну менен алар эмнени далилдегилери келип жатат түшүнбѳдүм",- дейт Кунакунов.

Кошумчалай кетсек, "Жаштар ѳкмѳтү" Ош шаарынын жаштары менен жолугушууга барышкан. Бирок, ар кандай жѳнсүз себептер менен жолугушуу ѳткѳрүүгѳ ылайыктуу залдарды берилген эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240341

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.