Өмүрбек Абдырахманов: Качаар бийлик оппозицияны камайт

  03.03.14   09:05
 270

Ош шаарында "Жаштар ѳкмѳтү" кыймылынын лидери Максат Кунакуновдун кармалып кайра бошотулушу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов "Кабар Ордого" ѳз пикирин билдирди. "Негизинен тѳӊкѳрүштү оппозиция же эл жасабайт, аны жаман бийлик жасайт. "Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт, ѳлѳѳр эчки койчунун таягына сѳйкѳнѳт" дейт кыргызда. Буга жаӊы макалды кошсок болот: "Качаар бийлик оппозицияны камайт" деп. Ушул нерсени бийликке эстетип коюен"- дейт депутат.

Эске салсак, 1-мартта кечки саат 21:20да Оштогу кафелердин биринде Бишкектен барган "Жаштар өкмөтүнүн" лидери Максат Кунакуновду, журналист Дайырбек Орунбековду жана "Улуттар биримдиги" партиясынын шаардык депутаты Шайлообек Атазовду Ош облус милициясынын 50дөн ашык кызматкерлери келип кармап кетишкен. Бир нече саат кармаган соӊ гана башка тартип бузуучулар менен алмаштырып алышкандыктарын айтып, кечирим сурап кое беришкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240342

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.