Кытайда 27 адамды бычактап кетишти

  03.03.14   09:08
 197

Бычак менен куралдандан эркектерден турган топ Кытайдын түштүк- батыш аймагында жайгашкан ири темир жол вокзалында жарандарга кол салышкан. Жыйынтыгында 27 адам каза таап 109у жаракат алышкан. Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат булагы жазып чыкты.

Полициянын берген маалыматына ылайык, кол салуу 1-мартта Куньмин шаарындагы темир жол вокзалында жергиликтүү саат боюнча 21:00дѳ болгон. Аталган аймак полиция менен курчоого алынган. Окуя террордук акт деп эсептелинүүдѳ. Бир нече шектүүлѳр кармалган.

Азырынча алардын ѳздүктѳрү жана кол салуунун себептери тактала элек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240343

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.