Жол куруучулардын милдеттери күчөтүлүп, алар такталды

  03.03.14   09:12
 234

Алмазбек Атамбаев "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган.

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 39-4-статьясы менен толукталып, ага ылайык автомобиль жолдорун милдеттүү түрдө кепилдик жактан камсыз кылуу жана эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтү белгиленет.

Ошондой эле, кепилдик мөөнөтү жана кепилдик мөөнөттүн ичинде автомобиль жолдорун куруу иштериндеги кемтиктерди четтетүү боюнча аткаруучунун милдеттенмелери деген түшүнүк киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240344

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.