Бишкекте түн ичинде катталган жол кырсыгы айдоочунун өмүрүн алып кетти

  03.03.14   09:24
 175

Бишкекте түн ичинде катталган жол кырсыгы айдоочунун өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Тартип сакчыларынын айтымында, 2-мартта, түн ортосунда Алма-Ата көчөсүнөн "Мерседес" унаасынын 19 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай калып, бакты сүзүп алган. Натыйжада айдоочу каза болду. Ал эми унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Каза болгон жаранды унаадан чыгаруу үчүн куткаруучулардын жардамы керек болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240346

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.