Ооганстанда абактан 12 кылмышкер адашып бошотулган

  03.03.14   09:35
 238

Ооган бийлиги адашып "Талибан" кыймылынын кѳрүнүктүү 12 кылмышкерин түрмѳдѳн чыгарып жиберген. Мындай билдирүүнү түштүк Кандагардын ИИМ башкармалыгынынын атайын ѳкүлү Зиаул Рахман Дуррани жасагандыгын ИТАР- ТАСС маалымат булагы жазып чыкты.

Анда белгилүү болгондой, Кандагардын борбордук түрмѳсүнѳ оогандык тыӊчылардан кат келген. Анда, 30 камалуучуну абактан чыгаруу буйругу жазылган. Алардын арасынан 18и чындыгында күнѳѳсүздѳр болгон, ал эми калган 12 коркунучтуу кылмышкерлер белгисиз себептер менен тизмеге кошулуп калган. Полиция ѳкүлдѳрү алардын экѳѳсү кайра кармалып келгендигин айтышууда. Калган 10 кылмышкер изделүүдѳ.

Бул окуяга байланыштуу Ооган бийлигинен атайын комиссия түзүлүп иликтѳѳ иштери жүргүзүлмѳкчү.

Эске сала кетсек, буга чейин февраль айында ооган бийлиги 65 камалуучуну абактан чыгарган. Мындай чечимди президент Хамид Карзай түзѳтүү абагындагы ири жыйынтыктардын негизинде чыгарган. Анын мындай кадамына америкалык саясатчылар жана аскер кызматындагылар нараазычылыктарын билдиришкен. Алардын пикиринде алардын бардыгы коркунучтуу кылмышкер болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240348

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.