Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн санын 21ге кыскартуу чечими кабыл алынды

  03.03.14   10:11
 182

Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн санын 21ге кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уставынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча 11 кишиден турган жумушчу топ 28-февралда жыйын өткөргөн.

"Чубак ажы Жалиловдун жетекчилиги алдында өткөн жыйында, Жалилов Уставдын көп жерине өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтып, кыскача тааныштырып өттү. Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн санына байланыштуу ар кандай сунуштар түшүп, алардын санын 21ге кыскартуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Уламалар Кеңешинин төрагасын бир жылда бир ирет шайлап туруу сунушталды",- деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, Уламалар Кеңешинин отурумуна муфтий, анын орун басарлары, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын казылары катыша алат, бирок добуш берүү укугуна ээ болбойт. Ал эми муфтий Уламалар Кеңешинин төрагасы боло албайт, деп айтылат билдирүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/240351

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.