Абдылдаев консулдарга мекендештердин укугун коргоого тапшырма берди

  08.09.14   08:15
 1093

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиядагы иш сапарынын алкагында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Бут тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолугушууга Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Санкт-Петербург, Хабаровск, Краснодар жана Оренбург шаарларындагы ардактуу консулдары катышкан. Анда, Кыргызстандын жарандарынын Орусияда болушунун актуалдуу маселелери талкууланган. Министр чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоо ишин күчөтүү жана эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын жандандыруу тапшырмасын берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/251826

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.