"Дордой" командасы Украинанын "Ильичевец" командасы менен беттешет

  21.01.15   13:48
 285

Кыргызстандын "Дордой" футбол командасы Украинанын "Ильичевец" футбол клубу менен жолдоштук матч өткөрүп, беттешет.

"Дордой" клубунун басма сөз кызматы маалымдагандай, украиналык клуб менен беттеш Түркияда 23-январда болмокчу.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын футбол командасы Азия футбол конференциясынын Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүүнүн алкагында Түркияга машыгууга кеткен.

Эскерте салсак, өткөн сезондо Кыргызстандын чемпиону болгон "Дордой" командасы Кыргызстандын Кубогуна ээ болуп, Азия футбол конференциясынын Кубогуна катышууга жолдомо алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/256102

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.