Бул адам районду өзүнүн үйүндөй эле тейлейт

  20.03.15   11:00
 4759

Элдик кабарды жиберген Улукбек

Кыргыз Республикасынын

президенти А. Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын

өкмөт башчысы Ж. Оторбаевга

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Жоомарт Оторбаевич!

Сиздерге кайрылуубуздун себеби: Жалал – Абад областына караштуу Тогуз – Торо районунда Т. Идирисов деген аким бар. Бул акимге кудайдын эле алы жетпесе сиздердин дагы алыңыздар жетпей калган окшойт. Себеби бул киши 2014 жылдан бери эле бир канча мыйзамсыз жасаган иштери боюнча соттук териштирүүдө жүрөт. Бул убакыттын ичинде канчалаган көйгөйлүү маселелер райондо каралбай келет. Буга чейин деле бул киши кыйратып иштеп келген эмес.

Бул адам районду өзүнүн үйүндөй эле тейлейт. Себеби райондо 25 адам депутат болсо, анын 3 депутат бир тууган инилери, 7-8 депутат бир тууган кудалары, 4 депутат бир тууган куйөө балдары, калган 8-9 депутат Идирисовго тиешелүү адамдар. Аким болгон 2-3 жылдын ичинде райондун борборуна 2 этаж үйдү салып, келин алып, куда узатып, каалагандай эс алып эле жүрөт, же акимдин эмгек акысы ошончолук эле көппү.

Акимге бир жылда бир эле жолу эмгек отпускасы берилеби же көп жолубу, качан болсо эле райондо аким жок, каякта десе эле көлдө санаторияда эс алып жүрөт дешет. Бул адамдын үстүнөн бир канчалаган арыздар түшүп соттук отурум болуп, кылмыш ишине тиешелүү материалдар толук болгондугуна байланыштуу кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү. Бул адам кылмыш жаза кодексинин 304 – беренесинин 1 – бөлүмү, 279 – беренесинин 2 – бөлүмүнүн 2 – пункту боюнча айыпталып жатат. Башкы прокуратура тарабынан 2015 жылдын 5 – февралында Тогуз – Торо райодук администрация башчысы – Аким Т. Идирисовду ээлеген ордунан бошотуу жөнүндө КР өкмөт башчысынын атына сунуш киргизилген. Бирок бул аким азыркы кунгө чейин мектептин директоруна чейин алмаштырып, соодалашып кызмат бөлүштүрүп олтурат.

Буга окшогон инсандар толтура. Бул деген райондун унутта калганыбы же бармак басты, көз кыстыбы?

Областка келген областтык администрация башчыларын келээрзамат колго алат экен дагы, калганын өзү каалагандай жасап жүрө берет экен. Буга мисал: Жалал – Абад областынын мурунку губернатору Жусубалы Төрөмаматов менен Идирисов Тилек жайында 2014 жылы Тогуз – Торонун эң көрктүү жайлоосунда 10 күндөн ашык үйбүлөөлөрү менен эс алып жатышты. Буга элдин бары күбө болду. Же кыргызстандын мыйзамдары чоңдор, губернаторлор, акимдер үчүн эмес, кара таман калк үчүн эле жазылганбы. Аким менен кучакташып эс алып жүргөн губернатор акимге бир нерсе айталабы.

Кышында районго кар өтө оор түшөт, кыш оор болот. Райондун эли эптеп септеп кыштан чыгышат, жолду караган эч ким жок. Азыр жолдон машина айдаганга мүмкүн болбой калган. Себеби: Жолду тегиздеген трактор жок, трактор болсо солярка жок, солярканы бөлүп жеп коюшкан.

Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо ушул районго бир тиешелүү калыс карай турган, элдин убалынан корко турган адамдарды жиберсеңиздер жакшы болот эле. Себеби: келген адамдар боюнча комиссия келет экен деп даярданат, тиешелүү дежур 5-6 чал бар, аларды даярдайт. Келген адамдарды райондук клубка киргизет дагы баягы 5-6 чал Эпеевге окшогон, Ороковго окшогон аксакалдар акимди апендинин эшегиндей аябай мактайт дагы ошону менен коноктоп туруп жабышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/258193

 Комментарийлер:
#1 суеркулова 10
2015-04-09 16:50:23 Цитата / 0 / -

Урматту президент А.Атамбаев мыйзамсыз жана эл учун кооптуу болгон курулуш иштери качан токтойт биз жашаган СУЕРКУЛОВА 10домдун жанына курулуп жаткан 10 кабаттуу уйдун курулуш иштери откон 2014жылдын марть апрель айларында токтолулган эле .Ушул жылын 2015 жылдын марть айынын аягында кайра башталды бул учун биз жашоочуларга ото кооптуу болуп жатат себеби

1.бул курулуп жаткан уйдун аралыгын биздин домдон 4-5 метр калтырып казын салышты

2.1подезду 10 этаж жанында балдар бакчасы бар жанында биздин дом жана курчалган коргондун айланасынан элдер тынымсыз отуп турушат тосулган коргондон болгону 1метр калтырып казылган.

3. биздин домдун боковой жагында терезе болкон бар андан кундун нуру тосулуп анын ордуна чан, шум болуп балдар менен уйдо олтуруга балдарды уктатууга болбой калды

4. курулуп жаткан участок быздин домдун балдар аянтчасы эле эми ал эмес олтургуч жок.

Бул 10 этажду уйду куруп жаткандар куйосу жана баласы архитехтурада иштегендер жана акчасы барлар албете калганы тушунуктуда айпаса да же минтип жумуш ордунан акчасынан пайдаланып оюна келгенди жасай беришсе элдин коопсуздугун ким карайт былтыркы жылы токтотулган курулушка быйыл кайра бишкек мери уруксат берип койгону кандай ким жооп берет эл кимге барат баарын акча чечип жатса

#2 Мария
2015-04-21 22:09:39 Цитата / 0 / -

Бул боюнча, чеке белиндеги уйлор баарыбыз каршы экенибизге карабай куруп жатышат.Октябрь райондун архитекторун алыш керек.Акимди да кызматтан алыш керек.тимеле жанагы Суеркулова 10 домдун капталына жакын куруп салган бул эмне деген мыйзамсыздык, албетте буларды крышевать эткен Акуй..

#3 Маматкул
2015-06-22 18:03:18 Цитата / 0 / -

Бир уйдун терезесине экинчи уйдин терезесин жакын аралыкта уй куруу - бул озунчо эле наадандык. Эч кандай СНиП ке туура келбейт. Бул маселени Бишкек архитектура туура эмес чечкен жана документацияларды тууралашкан. Мындай иштер аябагандай чон акча турат. Коррупция менен курошуп жаткандарга конгуроо болуш керек.

#4 Анаш
2016-07-06 09:01:37 Цитата / 0 / -

Ураттуу президент А.Атамбаев. Биз Ош шаарынын Кен Сай участогунан 10-15 жылдап очередте журуп аран жер алганбыз. Алгиче уй салганга уруксаат бериле элек эле. Эми гана берилет экен деп жатышат. Ал жактан жер алгандардын копчулугу эле колунда жоктор,жалгыз бой энелер,квартирадан квартирага кочуп жургондор, 30-40 жылдан бери 12 кв метр жатаканаларда жашап келаткандар, кыскасы окшошкон колунда жоктор. Сизден отуноорубуз, мамлекет жардам кылып,арзан баада, окшош болсода ,уй салып берсениздер? Анткени биз кредит алыпда уй салып ала албайбыз,толошко козубуз жетпейт,билебиз.Сизден отунуп жардам сурайбыз! Уй салышка жардам берип койунуздар? Жарды,кембагал болсода сиз башкарып жаткан Кыргыз мамлекетинин жарандарыбыз. Тизди терен урматтап,сизден жардам куткон жарды калкыныздын атынан жооп кутобуз?

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.