Улуу Жеңиштин урматына жаштар Кѳк-Бѳрү оюнун ѳткѳрдү

  04.05.15   12:21
 1264

Элдик кабарды жиберген Аида

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесинин урматына Чүй облусунун Кызыл-Туу айылында Кѳк Бѳрү оюну жана Аламан улак боюнча 32 команданын беттешүүсүндѳгү спорттук мелдеш ѳттү.

Мындан тышкары 70 жылдык мааракеге символикалык 70 метр Жеңиш лентасы тартылды. Кѳк бѳрү оюнунун баш байгесине "Джип" авто унаасы, 2-орунга күлүк (жылкы), 3-орунга 30 миң сом, акыркы орунга 10 миң сом ѳлчѳмүндѳ акчалай сыйлык коюлду.

Иш-чаранын кандай максатта уюштурулуп жатканы тууралуу лидер Максат Кунакунов мындай пикирин айтты:

"Мына быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы аталарыбыздын жеңишине 70 жыл толду. Бул айыгышкан согушта мекенибизден 365 миңден ашык жоокер аттанып, экинчи дүйнѳлүк согушта активдүү катышкан. Ал тургай атагы чыккан 28 баатырдын ичинде аталарыбыз, мекендештерибиз бар экенин сыймыктануу менен эскеребиз. Экинчи дүйнѳлүк согушта тынчтык, элдин бейпил жашоосу жана кийинки урпактын амандыгы үчүн жанын берип, канын тѳккѳн аталарыбызга таазим кылып, алардын баатырдыгын эстеп иш-чара ѳткѳрүп жатабыз. Аталарыбыздын эрдигин, алар алып келген тынчтыкты унутпашыбыз керек. 2-дүйнѳлүк согушта ынтымак, биримдик жана мекенчилдик жеңишке алып келген. Биз да ошол тарыхтан сабак алып, жаштарды ынтымакка бириктирип, спорттук мелдеш ѳткѳрүп, аксакалдардан бата алалы деп уюштурдук",-дейт "Жаштар Ѳкмѳтүнүн" жетекчиси.

Иш-чара соңунда Кѳк Бѳрү боюнча күч сынашта 1 орунду Суусамырдан келген команда баш байгеге коюлган "Джип" автоунаасын алып кетишти.

Экинчи орунга коюлган күлүк атты Кызыл-Туу айылынын жоон билектери, 3-орунга Кызыл Берлик командасы ээ болду.

Аламан улакта 1-орун "Белек" командасы, 2-орунду "Ысык-Ата", 3-орунду "Токмок", 4-орунду "Шалта" командасы алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/259583

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.