"Жардам берип койгула!"

  25.05.15   09:35
 3033

Элдик кабарды жиберген Сабира Абдыкеримова

Айылыбызга таза суу киргизели деп, адам башына 250 сомдон чогултуп, раис Мамажан акеге бергенбиз, ошондон бери суу кире элек. Балтагулов айыл өкмөтүнө барсак: "акчаңар турат"- деп коюшат. Аким А.Кулуев: "суу чыгарып берем" - деп, сөз бергенден башка бул маселени чече алган жок. Ошентип Касансай суусактагычынан Баймактыктар суу ичип, күн өткөрүп келе жатабыз. Ал суусактагычка Чаткал районунан келген суу куят. Бул суунун боюнда - Эвентус, Чаткал-17, Иштанберди алтын шахтылары жайгашкан. Алар сарпынды сууларын ага куят. Буга кошумча Сапалак сайдан таштандыга жер бөлүшүп, сай таштандыга толуп, суудан эмне деген нерселер агат. Суудан анализ алып көрүшүп, ичкенге жараксыз деп табылган. Суу жок болсо, айласыздан тундуруп ичебиз, баары оорулуу. Келиндердин боюнан түшүп (өлү төрөп), бизде жыл бою геппати оорусу күч. Геппатит оорусу боюнча биринчи орунда турабыз, же каражат жок дарыга. Муну да акимге айтсак: "таштандыларды тоздуруп берем" - деп сөзгө тойгузуп кеткен боюнча бир жыл болду. Жакында сел алып 800 кой сууга агып, анын 400дөн ашыгы суусактагычта кумдун арасында тыгылып жатат: "бул суудан ичпей тургула" - деп кетишиптир. Биздин айлабыз эмне болот? Бир айылдын элин таза сууга эмес, курулай сөзгө сугарып, жокко чыгарабы?

Баймак айылы Өзбекстандын Касансай району менен чектеш. 350 гектар Арадуван деген эң жакшы жайытыбыз Өзбекстанга кантип өтүп кеткенин билбей калдык. Быйыл мал жая албайбыз, жайсак малыбызды алып кетет. Өзбек солдаттары кол салганга чейин барат. Малга жайыт жок. Бийлик: "малыңарды ал жакка кайтарбагыла" дейт. Бул эч нерсе чече албаган бийликтин эмне кереги бар? Андан көрө Ноокенден келген Сагындыков, чек ара, этнос аралык чыр чатакты, суу маселесин чечип, Кербен базарды бир күндө көчүрүп жакшы иштеп жаткан жеринен Бакиевчи катары кеткенине өкүнөбүз.

Айыл тургундарынын жайыт, эң негизги таза суу маселесин чечүүгө көмөктөшүп коюшуңуздарды суранабыз: Бөөрүбаев Максат, Исабеков Закир, Парпиев Айбек, Байханов Абдимажит, Акунов Анваржан, Айдарбеков Вали. Букожоров Мойдун, Койлубаев Турдубай, айылдын депутаты Ташматова Кумаржан ж.б

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/260052

 Комментарийлер:
#1 Даниль
2015-12-26 14:26:43 Цитата / 0 / -

Ооба туура айтыптыр Озбекстанга чын эле отуп кеткен.Кантип отуп кеткенин билейбиз. Урматтуу мамлекетте отурган депуттар,урматтуу президент сиздерден суранабыз ушул нерсени чечип бериниздерчи.Чек араларды жакшылап карайлычы

#2 Дима
2016-01-07 09:54:10 Цитата / 0 / -

Ушу убака чейин чечилбедиби?

#3 Нурзада
2016-01-14 10:25:59 Цитата / 0 / -

Не кылып отурасынар , бирден креслону ээлеп!! Ушундай маселени чечпегенден кийин башка соз жок силерге депутаттар!!!

#4 Медербек
2016-02-07 16:51:28 Цитата / 0 / -

Шаарда таксисттин рольун аткарып шаарда жашаган элдин койгойун укканча алыскы айылдагы чек арага жакынкы жерлердеги койгойлорду чечсенер боло урматтуу депутат акелер, козго даана корунуп туратко.

#5 Маданият
2016-08-04 15:46:11 Цитата / 0 / -

svetofor.info Узген жеткируу барбы?

#6 АЙКА
2016-09-01 02:52:03 Цитата / 0 / -

Ак уй мн кок уйдогулорду ,азыркы осуп келе жаткан жаштарга орун берип озгорткондо ,баар жок озгорот ,ансыз ушул жомок ,дагы деле ар жыл сайын улана берет.Депутаттар оз проблемаларын эч кимге билдирбей чечет ,мындай чечимдерди сурансанар силерди чуркатып журуп бар быдырынарды тогуп бутот .же жолгире жок ,же тамак ашка акчанар жок жолдо каласынар.

#7 Азамат
2017-08-06 14:58:36 Цитата / 0 / -

Чондорду баштарын жула чабыш керек болуп калды

#7 Азамат
2017-08-06 15:00:40 Цитата / 0 / -

Тундукэлектро элдин канын кышында жаман сорду да быйыл дагы сорот

#7 Азамат
2017-08-06 15:03:09 Цитата / 0 / -

Журналистер баланышкылачы маселем бар тундукэлектро жонундо 0773618272 0703901685

#7 Азамат
2017-08-06 15:04:32 Цитата / 0 / -

Алдын ала толосон да пенясы менен чыгып келет покозания

#7 Азамат
2017-08-06 15:06:36 Цитата / 0 / -

Журналистер да бийликтин созун суйлоп калса керек

#8 Океан
2017-09-15 07:19:07 Цитата / 0 / -

Ошол сууну чондорго Аким соройлорго ичирип корсок ошондо билет эле.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.