Эсенгул Исаков, депутат: Кайсы жакка барбайын, ырда десе ырдап жүрөм

  14.10.15   14:49
 1251

Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков "Фабула" гезитинин кечээ, 13-октябрда чыккан санында "Саясаттан тыш.." деген рубриканын жарыяланган маегинде өзүнүн саясаттан тышкаркы жашоосу, үй-бүлөсү жөнүндө кеңири токтолгон.

"Өзүмдүн жан дүйнөм музыкага жакын. Кичине кезден эле Рыспайдын ырдаганын угуп чоңойдук. Мектепте хордо да ырдап жүрчүмүн, пионер кезде радиодон ырдап жүрчүбүз. 8-классты бүтүп эле Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып 3 айдай окуп калдым. Азыркы эл артисти Каныкей Эралиева менен бир группада окудум. Андан кийин армияга кеттим, армиядан келгенден кийин иштеш керек болуп иштеп калдым. Негизи өзүм ырдаганды жакшы көрөм. Кайсы жакка барбайын, ырда десе ырдап жүрөм. Бийлегенге дагы шыгым жакшы деп айта алам. Ал эми комуз черткенди азыр унутуп калдым, жаш кезде кыңылдатып кичине чертип калчумун",-дейт маегинде депутат ырчылык өнөрү тууралуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/263600

 Комментарийлер:
#1 saIamat
2015-12-07 12:27:23 Цитата / 0 / -

Артисттик жака кетсениз болмок.

#2 azamat
2016-08-05 16:29:03 Цитата / 0 / -

ырда десе еле ырдай бересизби ырдабайм дениз да

#3 Каным
2016-09-14 14:00:30 Цитата / 0 / -

жонокой болгонго эмне жетсин...

#4 Иса
2017-03-26 15:10:38 Цитата / 0 / -

Ырды коюуп. оз шайлочулрындын. койгойлорун чечиш керек.

Шайлагандар ырдасын деп шайлаган эместир.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.