Сузак районунун акими мырза А.Маматовко арыз жолдодук

  11.11.15   12:51
 1408

Сузак айылынын Черемушка участогунун тургундарынан Сузак районунун акими мырза А.Маматовко арыз жолдойбуз.

Сузак айыл өкмөтүнө караштуу, Черемушка кичи-районунун айланасында жайгашкан автоунаалардын тартипсиз жайгашкан стоянкалары жөнүндө жашоочулардын көптөгөн доо арыздары күн сайын айтылып жатат. Жолдо тартипсиз жайгашкан көптөгөн автоунаалар айлана чөйрөнү түтөтүп, булгап райондук ооруканага бара жаткан адамдарга, бала бакча, мектепке бара жаткан жаш балдарга кооптуулук жаратып, күндөн-күнгө абал начарлап жатканы сыр эмес. Светофорлордун иштебей калганына канча убакыт болгонун эч ким эстей албайт.

Черемушканын ичинде айыл өкмөтү тарабынан проекттердин жардамы менен коомдук туалет жана мусорка салынган. Чуремушканын ичинде, бала бакчанын тушунда, жайгашкан таштанды таштай турган жер Сузак айылы үчүн таштанды полигонуна айланып калган. Айланадагы соода түйүндөрү жана айылдардын тургундары машиналарында алып келип таштандыларды Чермушканын таштанды таштай турган жерине таштап кетишет, андай көрүнүштү токтоткону шарт жок себеби жакын жерде башка мусорка жок, ал эми элден чогулган каражат, абалды контролдогону жана убагында таштандыларды алдырганы жетишпейт. Айыл өкмөтүнө бюджеттен тазалыкка бөлүнгөн акчадан бир да тыйыны Черемушканын ичинде жайгашкан таштанды таштай турган жерди тазалаганы бөлүнбөйт.

Сузак айылында 13 көп кабаттуу 184 батирден турган Черемушка кичи районунда, бир да балдар ойной турган шарты бар аянтча жок. Кичи райондун эли, көбү социалдык абалы начар адамдарды жана бюджеттен айлык алып жашагандарды камтыйт. Черемушканын ичиндеги жолдор талкаланып бүткөн, жалпы пайдалануучу жерлер жана имараттар бөтөн адамдарга сатылып, муниципалдык жерде жайгашкан жана айлананын көркүн бузган эски котельныйдын имараты, уюлдук телефондун вышкасы, жолдо жайгашып элге ыңгайсыздык жараткан стоянкалар айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү тарабынан контролдонбойт жана алардан түшкөн каражаттардын бир да тыйыны, Черемушканы инфраструктурасын жакшыртууга жана тазалыгын сактоого жумшалып жатканы жөнүндө да маалымат жок.

Черемушканын көп кабаттуу үйлөрү 1990 жылдары приватизация болгонунан бери, мыйзамга ылайык жалпы пайдалануучу жерлер элге ажыратылып берилген эмес да айыл өкмөтүнүн карамагында калган. Кыргыз Республикасынын 11.09.2013-ж. №575 токтомунун "ПОЛОЖЕНИЕ о порядке определения границ земельного участка при многоквартирном доме" негизинде айыл жеринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө 1 батирге 2 сотик жер жалпы пайдалануучу жерде үлүшү болушу мыйзамда көрсөтүлгөн. Ошондуктан Черемушканын 184 батиринин жалпы пайдалануучу жерлери 368 сотикти түзүш керек. Ага карабастан Черемушканын элинин жалпы пайдалануучу жерлери Сузак айыл өкмөтү, архитектура жана госрегистр тарабынан бөтөн адамдарга менчикке сатылып кеткен, буга да жергиликтүү депутаттар тоскоолдук кылышкан жок.

Черемушка шайлоо участогунан айылдык кеңешке шайланган депутаттар көп жылдан бери – Черемушкадагы: жол, таза суу, канализация, таштандыларды жоготуу, инфраструктураны оңдоо, балдар аянтчаларын куруу жана элдин башка көптөгөн көйгөйлөрүнө кайдыгер карап келишет.

Черемушка участогунун инфраструктурасын жакшыртууда жана Черемушка жашоочуларынын башкача айтканда потенциалдуу шайлоочулардын көйгөйлөрүн чечип жардам берүүгө салымдарын кошпогондугуна байланыштуу биз төмөндөгү кол коюучулар Кыргыз республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 6-беренесин, 3-бөлүмүнүн 13,14,15-беренелерин аткарбагандыгы үчүн аталган депутаттар шайлоочуларын ишенимин актабады деп эсептейбиз жана айылдык кеңештин депутаттыгынан бошотулушун талап кылабыз.

Черемушка кичи районунун жашоочулары, жалпы кол койгон адамдардын саны 70

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/264419

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.