Кыргызстандык таэквондист Turkish Оpen 2016 турниринде күмүш медалга ээ болду

  26.02.16   14:07
 145

Кыргызстандын командасы Түркиянын Белек шаарында өткөн таэквандо боюнча Turkish Оpen 2016 эл аралык турнирине катышты.

Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, турнирге 60 өлкөнүн жаш таэквандочулары катышкан. Кыргызстандын атынан үч спортчу ат салышты. Алар: Алим Хам, Генри Син жана Сергей Брайловский.

Брайловский турнирдин финалында бир канча беттеште жеңип, бирок чечүүчү кармашта Даниянын спортчусуна 3:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/266993

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.