"Кыргызстандын эртенки элитасын жаштар кура алабы?" деген темада талкуу өттү

  26.04.16   12:15
 1202

Бүгүн, 25-апрелде "Достук" мейманканасында 15 саясий партиянын жаштар канаттары жаштар коомунун өкүлдөрү менен биргеликте 10 коомдук жаштар бирикемелери жана Кыргызстан Жаштар Федерациясы саясий кыймылы уюштурган "Кыргызстандын эртенки элитасын жаштар кура алабы?" деген темада тегерек стол уюштурду.

Кыймылдын лидери Максат Темирбаев "Максатыбыз бир кыймылга же бир партияга биригүү эмес бир максатка биригүү "- деди. Жаштар өлкөбүздө бүгүнкү күндө канчалык денгээлге мамлеттик башкарууга аралашып жатканын талкуулап, ар тараптуу талкуу жүргүзүштү, жаштардын мамлекеттик чечим чыгарууда ролу өтө эле аздыгын жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда, өкмөттө, Жогорку Кенеште жана башка бийлик бутактарында аз экенин сынга алышты.

Ошондой эле көпчүлүк партиялардын жаштар канаттары партиянын лидерлерине курал болуп жаткандары башка жаштардын арасынга катуу сынга кабылды. Уюштуруулардын бири Тимурлан Бейшембековдун айтымында, "бүгүн КРда биринчи жолу мындай жаш саясий күчтөрдүн көчөгө чыгып митинг акцияга кылбастан, стол үстүндө жасаган конструктивдүү диалогу болду",- дейт. "Бул биздин жаны курска түшкөнүбүз" дешет жаштар. Мындан кийин мындай тегерек столдор жаш саясий күчтөрдүн арасында эстафета катары өткөрүү кабыл алынды. Ар ай сайын жаштардын саясатын күчөтүү максатына өткөрүлүп турмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/268025

 Комментарийлер:
#1 Руслан
2017-02-22 10:11:07 Цитата / 0 / -

Ассаламу Алейкум. Сиздердин дарегиниздер кайсыл жерде берип койосуздарбы.жана тел:0706214186.

#2 Азамат
2017-10-02 18:54:00 Цитата / 0 / -

Таласта 0703 901685

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.