Кадыржан Батыровдун үйүн Бакиевдерге берүү боюнча иликтөө башталды

  20.05.16   09:33
 278

Жогорку соттун Сот департаменти Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сот аткаруучуларга карата кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу кечээ, 19-майда "ВБ"га сот органдарынан кабарлашты.

Негизинен Батыровдүн үйүн Бакиевдерге карыздын эсебинен берүү өндүрүшүнүн мыйзамдуулугу текшерүүгө алынат.

Иштин материалдарында Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылы 6-ноябрда чыгарган Батыровдон 7 млн 427 миң 365 сомдук материалдык чыгымды жабырлануучулар - Санжар, Ахмат жана Курманбек Бакиевдерге өндүрүп берүү тууралуу аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн иш 2015-жылы 26-февралда гана сот аткаруучуларга келип түшкөн.

2015-жылы 27-февралда сот аткаруучу А.Нарбаев Сузак районунун Таш-Булак айыл башкармалыгындагы Пахта-Куча № 134 дарегиндеги Батыровго таандык үйдү Санжар Бакиевге карыз үчүн өндүрүп берүү жөнүндөгү аткаруу өндүрүшүнө иш козгогон.

18-майда Жогорку соттун Сот департаменти Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлерине карата иликтөө баштады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/268433

 Комментарийлер:
#1  
2016-05-20 11:01:43 Цитата / 0 / -

Бул ишти кайра башынан жакшылап текшерип чыгышы керек жана К.Батыровдун үйү мамлекетке өткөрүлүп бериши керек. Бакиевдер убагында Кыргызстанда жакшы эле сызга отургузуп, Канкор Бакиевдердердин кланы кыргыздардын болгон байлыктарын уурдап кеткен эр азамат жигиттерибизди атып кеткен, кыргызстандагы бир да мүлк Бакиевдерге тиешелүү болбош керек,

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.