18 жаштагы Бегимай Карыбекова дүйнөнүн биринчи сулуусу болууга талапкер

Жеңүүчү 720 бриллианты бар Oriental Holy Water таажысына жана 50 миң долларга ээ болот
  07.10.16   11:19
 1303

Шри-Ланкада өткөрүлө турган эл аралык сулуулар конкурсуна Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Бегимай Карыбекова катышат. Бул тууралуу кечээ, 6-октябрда иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

"Мисс Интерконтиненталь" конкурсу Шри-Ланкада 4-октябрдан баштап өткөрүлөт. Ага 74 кыз катышат. Кыргызстандын өкүлү Бегимай Карыбекова учурда программага даярданууда. Мелдештин шарты боюнча ал программада кечки көйнөк, купальник жана өз өлкөсүнүн улуттук кийими менен чыгышы керек.

""Мисс интерконтиненталь" сулуулук конкурсуна 74 кыз катышып жатат. Мен Кыргызстандын атынан бардым. Көбү таланттуу жана интеллигенттүү кыздар экен",-деп жазды Бегимай өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына.

Конкурстун финалы 16-октябрда чыгарылат. Жеңүүчү 720 бриллианты бар Oriental Holy Water таажысына жана 50 миң долларга ээ болот.

"Мисс Интерконтиненталь" конкурсу 1971-жылдан тартып Дүйнөлүк сулуулук уюму тарабынан өткөрүлүп келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/271104

 Комментарийлер:
#1 Жанна
2017-05-07 14:05:31 Цитата / 0 / -

Суймонкул Чокморовту согушта жаргон деген ушу кыз да ээ татыксыз дер ойлойм

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.