"Дордойдун" жаш футболчулары Казакстандагы турнирде күмүш жеңип алышты

  10.11.16   16:40
 164

Бишкектик "Дордой" командасынын жаш футболчулары Таразда (Казакстан) өткөн "Достук Кубогу - 2016" турниринде күмүш жеңип алышты. Бул тууралуу "Дордой" футбол клубу кабарлайт.

Маалым болгондой, турнирге эки топко бөлүнгөн 10 команда катышкан. Финалга бара жаткан жолдо жаш дордойчулар өзүнүн ОСДЮШОР (Тараз) курбалдаштарын 3:0 эсебинде жеңишти, ушундай эле эсеп менен "Тараз 2000ди" утушту жана "Монтажник 2001ди" 9:0 эсебинде жеңип алышты.

Ошондой эле жыйынтыктоочу матчта кыргызстандык футболчулар "Ордабасы 2000" менен 2:2 эсебинде тең чыгышты. Ошентип, топто биринчи орун ээлөө менен, "Дордой-2000" турнирдин финалына чыкты.

Бирок, биринчи орун үчүн матчта спортчулар "Монтажник" аталышындагы башка командага 0:2 эсебинде утулуп күмүш медалга ээ болушту.

Такталган маалыматтарга караганда бул турнирде Кыргызстандан дагы бир команда – РСДЮСШОР ойноду, анын оюнчулары "Ордабасы" командасына коло үчүн матча утулуп төртүнчү орунду ээлешти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/271514

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.