Айсулуу Абдыбакасова "Мисс туризм" сынагында Кыргызстанды таанытат

Быйыл конкурска 41 өлкөдөн кыздар катышат. Конкурсттун финалы 18-ноябрда чыгарылат
  16.11.16   14:46
 622

Кыргызстандык Айсулуу Абдыбакасова Камбоджада өткөрүлө турган эл аралык "Мисс туризм" сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу конкурсттун сайтында маалымдашты.

Сулуулук конкурсунун шарты боюнча башкы көңүл өзүнүн өлкөсүнүн улуттук колоритин чагылдырууга бурулмакчы.

Быйыл конкурска 41 өлкөдөн кыздар катышат. Конкурсттун финалы 18-ноябрда чыгарылат.

Айсулуу Абдыбакасова буга чейин ушуга окшогон сынактарга катышып келген.

Эл аралык Miss Tourism Metropolitan International сулуулук конкурсу 1993-жылы негизделген. Анын башкы максаты туризмди жана маданиятты жайылтуу болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/271576

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.