Гульназ Ханкельдиева: Израилде баалар асманды чапчыйт, бирок жумуш оңой табылат

"Кыргызстан жакшы жагына өзгөрүп бара жатканын көрүп жатам",-дейт Гульназ Ханкельдиева
  14.01.17   12:51
 813

Биз чет өлкөгө баарын таштап окууга, иштөөгө, жашоого, карьера кылууга, бала тарбиялоого, өзүн издөөгө жана башка үчүн кеткен адамдар тууралуу баяндамакчыбыз.

Жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктар биздин өлкөнү жакшы жашоо издеп таштап кетишет. Бул дүйнөнүн ар бурчуна тарап кеткен мекендештерибиздин баяны болмокчу. Алар чет өлкөгө барган кездеги кыйынчылыктары, башка менталитет, башка маданияттын өзгөчөлүгү жана бөтөн мамлекетте кандайча ийгиликке жетүүгө боло тургандыгы тууралуу пикир бөлүшмөкчү.

Гульназ Ханкельдиева, 29 жашта

Уюмдун менеджменти боюнча адис, чач тарач

Нетания, Израиль

- Мектепти аяктагандан кийин Россиянын Түштүк федералдык окугуна студенттерди алмашуу программасы боюнча бардым. Кыргыздар 20 адам болчубуз. Бул чечим жөн эле шашылыш болуп калган эле. Мен Ош мамлекеттик университетине тапшырып, жарым жылдан кийин кетип калууга туура келген. Россияда мен кайрадан 1-курска тапшырдым. Аэропорттон бизди тосуп алышып, бөлмөлөрдү бөлүп беришти. Биз бюджеттик негизде окучубуз. Эл аралык факультетте дароо эле чет өлкөдөн келген баардык студенттер менен тааныштык. Окуп, достошуп бир жатаканада жашадык. Ал жерде КМШ мамлекеттеринен баргандар гана эмес, Жакынкы жана Алыскы Чыгыштан барган студенттер дагы жашай турган.

Биз жашаган жатаканада Израилден келген жишиттер коңшулаш бөлмөдө жашашчу. Андан соң алар Россиянын башка шаарына которулушту, анткени биздин университетте алардын адистиги жок болчу. Бир жыл бою орус тилин окуп үйрөнүштү. Биз андан кийин Интернетте сүйлөшүп, достошуп сейрек жолугушуп жүрдүк, анткени арадагы жол алыс болчу.

3-курстан мен ата-энеме израилдик бала менен сүйлөшүп жүргөнүмдү жана ал араб жигити экенин айттым. Атам мага "Дагы бир келесоо пайда болгон тура. Айланада эмнелер болуп жатканын көрбөй жатасыңбы? Мен сени окусун деп жөнөткөм жана оку, ал эми арабыңды болсо унут!",-деди.

Мен жигитиме бул тууралуу айттым, анын ата-энеси дагы каршы болуп жатышкан экен. Ошентип сүйлөшпөй калдык. Дипломумду жактап, Россиянын жарандыгын алдым, анткени жакшы жерде иштегим келди. Бул үчүн Россиянын паспорту керек эле, мен аны бат эле алдым.

Банкка жумушка орношуп, иштегениме эки ай болгон кезде баягы араб Россияга учуп келди. Ал лицензия алып доктор болгонун айтты жана менин колумду сурады. Ал ага чейин эле Кыргызстандагы ата-энеме чалып ыйлап мени ага турмушка чыгууга көндүрүп бергиле деп суранып жаткан. Бир аздан кийин ата-энем макул болушкан болчу, бирок мен анын атын дагы уккум келбей калган.

Араб менин колумду сураган кезде Кудайдан туура жол көрсөтө көр деп дуба кылдым "Россияда калышым керекпи же Израилге барымшым керекпи?" дедим. Акыр аягы израилдиктин жубайы болууга макулдук бердим. Ошентип Израилге келип калгам.

Келүүдөгү кыйынчылыктар

Израилге келүү кыйынчылык деле туудурган жок. Мени жакшы тосуп алышты, баардык документтерди жолдошум даярдады. Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, батир жалдап турдук. Анан уулубуз төрөлдү.

Күйөөм ишин жаңы баштаган врач болгондуктан үй сатып алууга акчабыз аз эле, бирок анын ата-энеси эки кабаттуу үй салып беришти. Андан кийин экинчи уулум төрөлдү. Азыр жолдошумдун жумуш жакшы жана мекениме барууга кенен мүмкүндүк бар. Ата-энем дагы бул жерге келип кетишти.

Мен эч качан Израилге келип калам деп ойлогон эмесмин. Анан калса мурда бул өлкө тууралуу начар гана пикир угуп жүргөм, Интернетте дагы ар кандай нерселер жазылчу.

Израилдин абасы абдан нымдуу, кээде дем алууга мүмкүн эмес болуп кетет. Мен алгач ирет бул жерге келген кезде өзүмдү меште отургандай сезчүмүн. Кудай жалгап бул жерде баардык жакта, унаада, имараттарда, бөлмөлөрдө сплит-системалар (абаны муздатып турушат) бар. Биздин үйдө 6 кондиционер жайында 24 саат бою иштейт.

Бул жерде эч кандай деле өзгөчө тамак-аш жок, баары мага тааныш. Бирок адеп башында баары эле даамсыз сезиле берчү, беш жылдан кийин мен көнүп кеттим. Бул жерде арабдар гана эмес еврейлер дагы чочконун этин жешпейт, дүкөндөрдө мындай азык жокко эсе.

Баалар асмандын башын чапчыйт, баары- азык-түлүктөр, унаа, кийим-кече, үй кымбат. Мен ушул күнгө чейин бааларга таң калып бүтпөй келем. Биз көп учурда Түркияга учуп барып ошол жерден соода кылабыз, балдарга Интернет аркылуу башка өлкөлөрдөн тапшырык беребиз.

Жумуш

Израилге келгенден кийин мен иврит жана арба тили боюнча мектептерге барып билим алдым. Азыр эки тилде тең жакшы сүйлөйм. Андан кийин чач тарачтын окуусун аяктадым.

Учурда сулуулук салонунда иштеп жатам. Бул жерде каалооң болсо жумушту оңой табууга болот, бирок иврит жана англис тилин жакшы билишиң керек.

Шаар жана анын жашоочулары

Израилдин негизги калкы еврейлер жана 2 миллиондой арабдар менен башка улуттар - друздар, черкестер, армяндар бар. Мурдагы СССРден келгендери көп кездештирем, орус тилинде сүйлөгөндөр бул жерде абдан көп.

Жашоонун узактыгы бул өлкөдө 85 жыл.

Израиль суу менен камсыздоо, мунай алуу, электр менен камсыздоо, алмаз иштетүү боюнча алдыңкы орунда турат. Экономика европалык жана америкалык инвестициянын аркасы менен ушундай бийиктиктерге жетишкен. Өлкө экономикалык жактан өнүккөн. Жогорку технологиялардын өнүгүшү боюнча дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.

Израилдиктер ар кандай: диний, анча динге ишенбегени, акылдуусу, акылы жогу, байлары, кедейи, узуну, бою кодоосу дегендей. Бул жагынан ал Кыргызстандан эч кандай деле айырмаланбайт.

Израилдин калкы ар түрдүү беш континенттен жана дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнөн келген эмигранттар жашайт. Палестиндер, орустар жана ортодоксалдуу еврейлер көп, бул маданияттардын ортосунда өздөрүнүн газеталары маданий байланыштары бар. Мындай өзгөчөлүгүнөн улам Израилдин маданияты абдан ар түрдүү болуп кетет. Гезиттер ондогон тилде басылып чыгат, ар бир шаарда жергиликтүү жаңылыктарды жарыялаган гезиттер бар.

Израилдиктер сабаттуу калк, алар билим деңгээли боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турушат. Мамлекет өзүнүн баардык жарандарын жана акылдуу чет өлкөлүктөрдү жумуш менен камсыздайт. Медицина абдан өнүккөн. Мага бул жерде бир нерсе жагат - пара берүү деген дээрлик жок. Мамлекеттик бала бакчалар, яслилер, мектептер баары акысыз. Ал эми медициналык көмөк мамлекеттик же жеке менчик медицинадык камсыздоо аркылуу гана берилет.

Кыргызстан Израилден көп жагынан айрымаланат. Биз алардын экономикасына жетиш үчүн көп иштешибиз керек. Биз үй-бүлөбүз менен араб кыштагында жашайбыз, кыргызча алганда мен аны шаар деп коем. Анткени бул кыштакта үч поликлиника, супермаркеттер, фитнес-клубдар бар, дарыгерлер келип текшеришет, бирок алдын ала жазылуу керек. Кыштакта музыкалык жана маданий мектеп бала бакчалар, үч орто мектеп бар. Анча чоң эмес соода борбору дагы жайгашкан. Еврей кыштагында дагы ушулар бар. Бизден Тель-Авивге жетиш үчүн унаада 40 мүнөт жол жүрүүгө туура келет. Хайфка чейин - 30 минут, ал эми Иерусалимге бир жарым саат жол жүрөбүз, баардык шаарларга кол жеткендей жакынбыз.

Израилде коопсуздукка абдан чоң маани беришет. Кай жерге барбагын күзөтчүлөр турат жана кире бериште сумканы текшеришет. Эгерде сен жөө жүрсөң сумкаң менен баштыктарыңды, кокус унаа менен жүрсөң жүк салгычыңды текшеришет. Аэропорттон абдан эле тыкыр карап чыгашат: кайдар баратасың, эмнеге баратасың, ким менен баратасың баарын текшеришет. Жакынкы каттам менен кайра артка кайтарып учурган убактар да көп болот. Аэропорттун айрым кызматкерлери кадимки жүргүнчүлөрдөн эч айырмаланбайт-алар жашырынып байкаш үчүн ушундай кийинип алышат. Сумка, жумшак оюнчук, баштыкты кароосуз калтырып кетсең эле күндүн бүткөнү, алар аны жардыргыч зат катары кабыл алышат.

Акча

Израилде орточо айлык акы 10 миң шекел (2500 доллар), бирок анын 35 пайызга жакыны мамлекетке салык түрүндө кетет. Калганы квартирага, коммуналдык тейлөө жана башкага чыгымдалат. Эң эле аз айлык акы миң доллар. Бирок бул суммага араң-араң жашайсың.

Нандын баасы 4 доллар, эттин баасынын килограммы 15 доллар, койдун этинин килограммы 30 доллар. Арзаныраак азыктар апельсин, манго, авакадо банан жана башкалар бар.

Чыныгы еврейлер эт менен сүттү бир убакта эч качан колдонушпайт. Мындай азыктарды еврейлер гана дайындайт жана аларга атайын сертификаттар берилет. Мында азыктар катардагы азыктардан кымбат турат.

Ишемби же шабат күнү баардык дүкөндөр, кафелер, автобус станциялары жабык болот, поезддер жүрбөйт. Шаар дымып жатат. Ошондуктан баарынын унаалары бар. Ишемби күндөрү биз шабатты карманбаган кээ бир жерлерге барабыз. Мындай жерлер учурда көп.

Мекендештер

Кыргызстандык эч кимди бул жерден кездештире албадым, бирок Кыргызстандан келген еврейлер бар деп уккам. Кыргыздарды тилекке каршы жолуктура элекмин.

Негизинен бул жакка этникалык еврейлер же иудаизмди кабыл алгандар келишет. Алар жарандыкты аэропорттон чыкпай туруп эле алышат. Мамлекет аларга турак-жай, жумуш сунуштайт, балдарын мектепке алышат. Албетте баарынын тескери жактары бар деп да койсок болот.

Мен кыргызмын. Чет өлкөгө чыкан кезде мен дайыма кыргызстандыкмын деп айтып жүрөм. Жолдошум арабдарга көп окшобойт, көбү аны европалык деп ойлошот. Өзүн палестиналыкмын деп эсептейт.

Израиль көп улуттуу өлкө болгондуктан башка жерден келгендер көп, ошондуктан мага ыңгайлуу жана өзүмдү бөтөн сезбейм. Үй-бүлөм төрт тилде-кыргыз, орус, араб жана иврит тилинде сүйлөшөт.

Балдарым менен күйөөм Кыргызстанды абдан жакшы көрүшөт. Кыргызстанга жайында барып турам. Балдар менен эки ай калам жолдошум 10 күндөй жүрүп кетет. Ага Кыргызстандын тоолору, булак суулары, жаңы саалган сүт аябай жагат, кымыз ичкенди дагы үйрөнүп алды. Израилге аябай көп бал сатып алып кетебиз жана эң жакын адамдарыбызга беребиз. Аларга биздин бал аябай жагат.

Болочокто мекениме көбүрөөк барып туруш үчүн Бишкектен квартира сатып алсакпы деген оюбуз бар. Израилде дайыма жашайбыз деп пландап жатабыз бирок жолдошум экөөбүз улгайган кезде аба ырайы жагымдуу өлкөгө кетсек деген ниетибиз да бар.

Эки өлкөнү салыштырганда Кыргызстан жакшы жагына өзгөрүп бара жатканын көрүп жатам. Биздин өлкөбүз түндүк түштүккө бөлүнбөй ынтымактуу жашаса өнүгөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/272407

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.