Жамиль Аматов: Тобокелге бел байлап Дубайга кеткем, өкүнгөн жокмун

"Мен эки жылдан бери "Армани" мейманканасында иштейм. Ал дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифе имаратында жайгашкан",-дейт Жамиль
  14.01.17   15:17
 3926

Биз чет өлкөгө баарын таштап окууга, иштөөгө, жашоого, карьера кылууга, бала тарбиялоого, өзүн издөөгө жана башка үчүн кеткен адамдар тууралуу баяндамакчыбыз.

Жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктар биздин өлкөнү жакшы жашоо издеп таштап кетишет.Бул дүйнөнүн ар бурчуна тарап кеткен мекендештерибиздин баяны болмокчу. Алар чет өлкөгө барган кездеги кыйынчылыктары, башка менталитет, башка маданияттын өзгөчөлүгү жана бөтөн мамлекетте кандайча ийгиликке жетүүгө боло тургандыгы тууралуу пикир бөлүшмөкчү.

Жамиль Аматов, 22 жашта, бармен,

Дубай, Бириккен араб эмираттары;

Мен Оштогу Түрк лицейинде окугам, аны аяктаган соң "Ата-Түрк-Ала-Тоо" университетине тапшырып 4-курска чейин окудум. Футбол ойночумун, жыл сайын универсиадага, кээде окуу жайдагы КВН лигасына катышчумун. Студенттик күндөрүм шайыр жана ийгиликтүү өттү. Бирок төртүнчү курста үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу менин иштөөмө туура келди. Окуу жайдын келишимин төлөп, ошол эле маалда өзүмдү камсыздоо кыйынга турду.

Бир досум Бириккен араб эмираттарына акча табыш үчүн бармай болуп Бишкектеги Араб борборунда каттоодон өттү. Мен анын менен кошо катталдым жана үч айдан кийин, 2014-жылдын сентябрь айында EMAAR, Armani HOTEL Dubai компанияларынын өкүлдөрү жумушка алыш үчүн келишти. Мен маектешүүгө бардым жана кийинки күнү жумушчу берүүчү менен сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун кабарлашты.

Баары эле шашылыш түрдө болуп кетти. Чечим кабыл алуу кыйынга турду: Кыргызстанда калып окуумду улантышым керекпи же иштешим керекпи деген ой башымды катырды. Акыры мага баардык тиешелүү документтерди - визаны, авиа билетти, жумушка чакырууну салып жиберишкенде мен эмнеси болсо да иштеп келүүнү чечтим.

Келүүдөгү кыйынчылыктар

Баардык чыгымдарды компания өзүнө алды. Ал турак-жай, транспорт, медициналык камсыздоо жана коммуналдык тейлөөнү да өз мойнуна алып, камсыздайт.

Адеп келгенде ысык климатка жана тамак-ашка көнүп кетиш кыйын болду. Тамакты канча жесең да курсагың ачка болгондой сезиле берет. Ошондой эле бааларды эсептөөдө маселе жаралды. Бириккен араб эмирликтеринде валюта биздикинен күчтүү жана кандайдыр бир товар көрүп калсам мен аны арзан экен деп ала берчүмүн. Бирок сомго айландыра келгенде кымбат болуп чыкчу.

Тилден кыйналган жокмун, анткени мектепте англис тили боюнча олимпиадага барып жүргөм жана лицейде дагы сабактар англис тилинде өткөрүлчү.

Чет жерге көнүп кетүүдө деле кыйынчылык жаралган жок. Эмираттагы арабдардын менталитети европалашкан, бул мени таң калтырды. Эли абдан мээримдүү жана сылык, баарына жардам беришет.

Жумуш

Мен эки жылдан бери "Армани" мейманканасында иштейм. Ал дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифе имаратында жайгашкан.

Мен ага чейин беш жылдыздуу мейманканаларда иштеп жүрбөгөндүктөн адегенде кыйын болду. Алгачкы 3 айда баарын үйрөнүп жаттым. Алардын маданиятын, иш процессин жана компания тууралуу үйрөндүм.

Мен бармен болуп иштейм. Демек мен ичимдиктер жөнүндө алардын тарыхын, кантип даярдалганын кошулмалары кайдан алынарын билишим керек. Анан да аны эмне менен кандай колдонуу керектигин да үйрөнүү зарыл. Бул жаатта эксперт болуп калдым десем да болот. Бул жерде Кыргызстандагыдай сени жумушка орноштура турган таанышың жок. Бирок англис тилин жакшы билсең жумушка орношуу жеңил эле.

Белгилей кетчү жагдай, Эмираттарда карьералык тепкич менен жогоруласаң болот. Баары жумушчудан көз каранды, ал канчалык натыйжалуу иштейт жана эмгекти сүйөт ошончолук карьерасы жогорулайт.

Шаар жана анын калкы

Дубай – аябай сонун шаар. Баары тыкан, кооз жана бийик. Мен билгенден жергиликтүү тургундар калктын болгону 30 пайызын түзөт. Арабдар абдан эле аз. Индустар жана филиппиндиктер көп.

Кыргыздар дагы аз эмес. Аларды көп жерден кездештирүүгө болот, бул мен үчүн жакшы.

Жашоо деңгээли абдан жогору. Арабдар баары абдан кымбат жана жогору деңгээлде болгонун жактырышат. Бир сөз менен айтканда баарынан биринчи эң бийик, эң сулуу жана эң кымбатты колдонгулары келишет.

Полициялар бул жерде "Феррари", БМВ, "Ламборгини", "Порше" менен жүрүшөт. Жергиликтүү тургундар дагы кымбат унааларды айдап, кымбат баа ресторандардан тамактанышат. Кээде карап туруп алар үйлөрүнөн эч бир тамак даярдашпайт го деген ойго кетесиң.

Эгерде бийик кабаттуу үйлөр менен унааларды эске албаганда, Эмираттардын Кыргызстандан айырмасы бул жерде коопсуз. Бир да жолу кимдир-бирөө башкы бирөөнү тоноп кетиптир, өлтүрүптүр же зордуктап кетиптир дегенди кулагым чалган жок. Ошондуктан туристтер көбүнчө Эмираттарга келишет.

Мен "Дискавери Гарденс Дубай" районунда турам. Бул көпчүлүк мейманканалар менен ресторандардын негизги жумушчу күчү жашаган абдан ыңгайлуу район. Токтогул деген досум экөөбүз турабыз, чогуу иштейбиз. Бассейн, машыгуучу зал жана спорт аянтчабыз бар.

Мага жергиликтүү арабдар түнтүрөөк, көп сүйлөбөгөндөй көрүнөт. Бирок бул жерде өзүмдү абдан жакшы сезем. Биз көп учурда сейилге чыгып же башка шаарларга барабыз. Кызыктуу жерлер аябай көп, мисалы Феррари паркы, Абу Дабидеги Зайд шейхтин мечити жана ар түрдүү аквопарктар...

Акча

Бул жерде баары абдан кымбат, айрыкча турак жай ижарага алгыңыз келсе баасы жогору. Бирок мен үчүн баарын компания төлөгөндүктөн мындай маселе менен бет келишкен жокмун. Ал эми менин тааныштарым болжол менен 15-20 миң сомдун тегерегинде квартира-студияларды жалдап турушат. Бир кишинин тамак-ашына жана жол чыгымына дагы ушундай эле сумма кетет.

Мекендештер

Кыргызстандыктар бул жерде аябай көп. Алардын көбү мейманкана бизнесинде иштешет. LV, Gucci, Rolex, Vertu сыяктуу кымбат бутиктерде сатуучу болуп иштеген кыргыздар дагы бар.

Бири-бирибиз менен байланышып, сүйлөшүп турабыз. Эгерде бир компанияда иштесек андан көп жолугабыз.

Негизинен Эмираттарда эмгектенип жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштар. Балдар билимдүү, бир нече тил билишет. Алардын кыялданганы жана көздөгөнү өлкөбүз жакшы болсо, ата-эне туугандары жакшы жашашса дешет.

Кыргызстан тууралуу Эмиратта баары эле биле бербейт. Көп учурда Казакстан менен алмаштырып алышат. Кээде биздин жаратылышты көрсөтсөм суктанышат жана таң калышат. Биринчи кезекте эле "өлкө коопсузбу?" деп сурашат, бир жаман жери бул жаатта мен жакшы жооп бере албайм.

Мен кыпкыргыз экенимди даана билем. Эмираттарда эч кандай расалык же улуттук чыңалууну байкаган жокмун. Ар ким өзү менен өзү жүрөт.

Кыргызстанга 2014-жылдан бери бара элек болчумун, бир аз мурда эки айлык эмгек эс алуусун алдым жана барып келдим. Албетте эч жакка кетким келген жок, үйдөн эле иштеп, туугандарымдын досторумдун жанында болгум келди. Келечекте Кыргызстанга барып жашайм, азырынча иштешим гана керек.

Мекенимде бизнес ачып, үйлөнүп, өз өлкөмдө жакшы жумуш тапсам дегем планым бар. Кереметтерге ишенген Жамил азыр жок. Акыркы эки жылда мен абдан өзгөрдүм. Тактап айтканда, жашоого карата көз карашым өзгөрдү.

Эгер буга чейин кимдир-бирөө жардам берет деп күтсөм азыр антип ойлобойм. Албетте, мамлекет баарына жардам бере албайт. Эл өзү менен өзү жашап жатат, жаштар өз алдынча аракеттенип чет өлкөгө кетип жатышат.

Эгер мамлекет бизди колдой албаса, анда биз мамлекетти колдошубуз керек. Ошентип иштеп жатабыз. Эгерде биздин дипломаттар Эмираттар менен макулдашып кандайдыр бир шарттарды, мисалы, айдоочунун күбөлүгүн жарактуу кылгандай же учак билетинин баасын арзан кылгандай шарттарды макулдашса абдан сонун болмок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/272408

 Комментарийлер:
#1 Жамиль Аматов
2017-01-14 18:04:38 Цитата / 0 / -

Рахмат редакторлорго!!! Аябай кубанычтамын))) Тилеке каршы,азыр Доха шаарнда иштеп жатам..Рахмат кетирген убактыныздарга.

#2 Медер
2017-01-14 18:23:21 Цитата / 0 / -

Жамилге окшоп чет жакта иштеп жүргөн жаштардын койгон көйгөйлүү маселелерин, мамлекетибиз өкмөттүк денгээлде чечип беришсе жакшы болмок!

#3 Нурик
2017-01-15 02:33:09 Цитата / 0 / -

Азамат жээним

#4 Каныкей
2017-01-15 02:48:41 Цитата / 0 / -

Абдан сонун маек!!!

#4 Каныкей
2017-01-15 02:49:23 Цитата / 0 / -

Бирок азыр Авиакомпанияда иштейт болуш керек го

#5 Гулзада
2017-01-15 17:48:27 Цитата / 0 / -

Албай сонун маек болуптур, мен 2013 жылы Дубайга барып паспортумду жана авиабилетимди жогутуп алгам,бир жуманын ичинде таап беришкен,каап ошондо таппай калганымда жашоом огромное Жамильдикендей болуп

#6 Нурка
2017-01-15 22:11:32 Цитата / 0 / -

Жамил иштерине ийгилик максаттарын ишке ашсын!

#7 Азамат
2017-01-17 15:14:30 Цитата / 0 / -

Я тоже хотел уехать в дубай и устроитса на работу....мне 36-лет,

#8 Кабар ордо
2017-01-19 16:04:46 Цитата / 0 / -

Жамил биз да сенин ишине ийгилик каалайбыз! Кыргыздын сендей азаматтары дагы көп бийиктиктерди багындыра беришине тилектешпиз!

#9 Азамат
2017-02-15 13:30:57 Цитата / 0 / -

Ийгилик!

#10 Четте жургон!!!
2017-03-05 19:33:48 Цитата / 0 / -

УДАЧИ ВСЕМ КТО РАБОТАЕТ ЗАРУБЕЖОМ!!!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.