Бүгүн сот Москвадагы басмаканада катталган өрт боюнча ишти карайт

  28.04.17   10:37
 136

Бүгүн сот Москвадагы басмаканада катталган өрт боюнча ишти карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

25-апрелинде Бутырск райондук соту ишти караган. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери катышып келген. Прокурор тарабынан күнөө өкүмү окулгандан кийин "Печатный экспресс" ишканасынын башкы директору күнөөсүн мойнуна алган, ал эми басмакананын башкы инженери күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сот отуруму бүгүн, 28-апрелде уланат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 27-августунда Москванын "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, адам өлүмүнө алып келген. Анын кесепетинен 17 мерт кеткен. Алардын ичинен 14 киши кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274106

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.